Кут толгон Нооруз майрамы! С праздником Нооруз!

Менин Шаарым / Мой Город

Күн менен түн теңелди

Нооруз – Жаңы жылды мурунтан бери бүгүнкүгө чейин түрдүү элдин майрамдап келиши жөнүндө төмөндөгү кызыктуу маалыматтар бул майрамдын мааниси жана түп-тамыры туурасында белгилүү бир денгээлде түшүнүк берет деген ойдобуз. Төрт миң жылдан бери майрамдалып келе жаткан бул күн жаздын, жаңы мезгилдин башталышы катары эсептелип, табиятка сыйынуу, табияттан жакшы түшүм, ырайымдуу күндөрдү күтүү анын негизги өзгөчөлүгү болуп саналат.

Нооруздун келип чыгышы
Тарыхчылар Нооруз сөзүн перс тилинен которгондо “нав” – жаңы жана “руз” – күн деген эки түшүнүктөн туруп, “жаңы күн”, башкача айтканда чыгыш элдеринин табигат мезгилин сүрүштүрүүдө колдонулган – күн календары боюнча жаңы жылдын башталышын билдирээрин айтышат. Бул майрамдын келип чыгышы туурасында бирдиктүү ой жок.
Эң оболу анын жер шарында жаратылыш күчтөрүнүн кайра жаралуу мезгили – жаз менен байланышканы талашсыз. Байыркы ата-бабаларыбыз жер планетабыздын жашоосунда кезектеги жаңы жылдын келишин кабарлаган жашыл чөптөрдүн пайда болушун толкундоо жана урматтоо менен күтүшкөн. Бул күндөрдө ар бир адамда майрамдык маанай менен шаттыктын болушу кадыресе көрүнүш. Анткени, денени алсыраткан суук мезгилден кийин, күнөстүү жана жылуу күндөр келип, адамдын жашоосу келечектеги бай түшүм жана малдын жаңы мол төлүнө байланышкан үмүттөр менен тиричилик жаңы мааниге ээ болгон.
Нооруз майрамы жанданып келе жаткан жаратылыш менен эмгекчил дыйкандын ажырагыс биримдиги. Ал келечектин жарчысы сымал жаратылыштын ойгонуусу менен жаңы жашоонун башаты катары эскиликтин үстүнөн болгон анын салтанаты, жакшылыктын жамандыктан басымдуулугу, ошондой эле тирүүлөрдүн жыргал жашоосуна тоскоол кылган терс көрүнүштөрдү кубалоонун символу десек болот.

Ар кайсы тилде аталышы
Түркияда Нооруз майрамы – “Жылдын сырты”, “Тогузунчу март”, “Март бозуму”, “Султан Нооруз”, “Күн чыкты”, “Жаңы күн” деген түрдүү аттары менен белгиленсе, алтайлык түрктөрдө “Жылгаяк” майрамы, Азербайжанда “Новруз”, “Эргенекон майрамы”, “Бозкурт майрамы”, “Өлүүлөр майрамы”, Башкырстанда “Эгин майрамы”, Чыгыш Түркстанда “Жаңы күн”, “Баш бахар”, гагауздарда “Алгачкы жаз”, карачай-балкарларда “Гөллү”, “Гутан”, “Сабан той”, “Тегри той”; казактарда “Невруз”, “Невруз майрамы”, “Невруз көжө”, “Улус күнү”, кыргыздарда “Нооруз”, кумыктарда “Язбаш”, ногойлордо “Навруз”, “Сабан той”, өзбектерде “Новруз”, татарларда “Невруз”, түркмөндөрдө “Тезе йыл”, уйгурларда “Йени гүн”, монголдор “Цагаан сар” (Ак ай), гректер “Патрих”, тажиктер “Гүлнавруз” деген ат менен аташат.

Кыргыздар жана Нооруз
Кыргыздар баардык Борбордук Азия калктарындай эле Нооруз майрамын жаз мезгилинде күн менен түндүн узактыгы теңелген күнү белгилешкен. Бул майрам үчүн адатта күн мурунтан даярданышып, бири-бирине бакыт-таалай, ырыс, тынччылык менен жыргалчылыкты каалашып, элдешишип, таарынычтарды кечиришип жана күнөөлөрдөн тазалануу, өмүр менен кош айтышкан тууган жана жакын адамдарды эскерүү менен бирге өзгөчө маанайда салтанаттуулукта өткөрүшкөн.
Албетте, жаңы жылдык таттуу тамак катары таанылган сүмөлөк жана улуттук тамак чоң көжө менен тууган, досторду түн бир оокумда сыйлоо майрамдын милдеттүү атрибуту болуп саналган. Анан жаңы жылдын келиши менен табакка салынган кургак арчанын талын чатырата күйгүзүп, аңкыган жыты менен боз үйдүн ичин аласташкан.
Кыргызстандыктар Ноорузду өзүнүн жашоо-турмушуна ылайыктап алган. Башатында Нооруз дыйканчылык майрамы катары көрсөтүлөт эмеспи. Айталы, айрым элдерде салт боюнча жаңы жылдык дасторконго жети түрлүү даам коюлат. Бирок, кыргыздар Нооруздун мындай эзелки дасторкон жайуу салтын өз жашоо шартына ылайык өзгөртүп, улуттук даамдарды жайнатып койот.
Болгону майрамдын өзгөрүүсүз калган бир символу – өнгөн буудай. Өнгөн буудайды бир катар эл жаңырган жашоонун белгиси катары жаңы жылдык дасторкондун ажарын ачмакка коюп коюшкан.
Башка улуттардын майрамдоосу
Ноорузду Борбор Азиядагы каракалпактар, түркмөндөр, тажиктер, өзбектер, казактар, кыргыздар, Кавказдан азербейжандар, Ооганстан, Иран, Пакистан, Түндүк Индия, Ирак элдик майрам катары салтанатташат.

Казактардын наурыз-көжөсү
Коңшу өлкөбүз Казакстанда күн менен түн теңелген күн Нооруз майрамы 21-мартта салтанаттуу майрамдалат. Бул күнү тургундар таза жана кооз кийинишип, жакны адамдарынын, туугандарынын үйлөрүнө конокко баруу менен жакшы калоо-тилектерин айтышат.
Жаз майрамынын урматына ар бир дасторкон үстүндө наурыз-көжөнүн болушу шарт. Казактардын айтуусу боюнча бул күну аталган тамакту тое жесең, бир жыл бою токчулук болот деп ишенишет. Наурыз-көжө – жети даамдан: суу, эт, май, ун, таруу ( күрүч же жүгөрү менен алмаштырып койсо да болот), туз жана сүттөн жасалат. Көжөгө кошулган ар бир даам жашоонун жети башталышын түшүндүрүп турат: өсүү, ийгилик, бакыт, байлык, ден-соолук, акылмандык жана колдоо.
Жети түр даамды жети идишке салып аксакалдардын астына коюшат. Жети үйгө конокко баруу менен катар өз үйүндө да жети адамдын болуусу кажет.

Өзбекстан
Өзбек эли үчүн Нооруз майрам өтө чыдамсыздык менен күткөн майрам болуп саналат. Бул күнү оттун жалыны тийген суусундук жана тамактар менен бири-бирине даам сыздырышат. Илгертен бери эле Өзбекстанда жаз майрамынын урматына салтанаттуу отуруш, майрамдык базар, ат чабыш жана ошондой эле ит жана корооз уруштары уюштурулуп келген.
Нооруз майрамынын дагы бир өзгөрбөгөн каада-салты бул өндүрүлгөн буудай жана башка азыктардан бышырылган тамагы – сүмөлөктө. Мындан сырткары, палоо, кайнатылган кой эти,жаздын алгачкы жашыл чөптөрү менен жасалган көк самсалар менен дасторкон үстүн толтурушат.
Салт боюнча жайылган дасторкондун үстүнө түркүн даамдарды жайнатып, татууларды мол койсо, жыл бою молчулук, токчулук болот дешет. Майрамдык маанай тартуулоо үчун элдик ырчы, жамакчылар чогулушуп шаң тартууласа, баатырлар эр эңиш оюн уюштуруп, көңүл ачышат.

Тажикстандагы таттуу палоо
Ал эми Тажикстанда Ноуруз (Нооруз) майрамы көчөлөрүндө таң атпай керней, сурнайлар тартылып, жашоочуларды майрамга чакырган шаңдуу музыка менен башталат.
Атайын майрамга майда нандар дасторконго кенен коюлат да, Ноуруздун эң негизги тамагы болуп саналган суманак (сүмөлөк) жасалат. Суманакты жаздын келишинин урматына бышырышат да, бир жылда бир жолу гана жешет.
Үй ээси же үйдүн улуу уулдары шишкебек жана палоо басышат. Палоого таттуу мейиз жана башка нерселерди кошуп жасашат. Анткени, калган жашообуз да таттуу жана бактылуу болсун деген тилекти карманышат.
Көбүнчө тажиктер бул майрамды талааларга дасторкон жайуу менен тосушат. Керней, сурнайлардын үнү чыгаар замат,элдер топтоло калып токтоосуз бийлеп башташат. Ошондой эле, бул күндүн урматына улак тартыш оюну да ойнотулат.

“С” дан башталган 7 даам
Азербайжанда Нооруз майрамы 20-марттан баштап беш күн майрамдалат. Азербайжандыктар майрамдык дасторконго өтө көңүл бурушат. Стол үстүндө “с” тамгасынын башталган жети даам коюлуп, мындан сырткары уксус, сүт, сэмэн, сябзи (жашыл чөп түрү), сумах (кургатылган бөрү карагат) жана башка түрдүү азыктар менен жасалгаланат.
Ошондой эле дасторконго күзгү жана шам чырак коюлат да, күзгүнүн маңдайына боелгон жумуртканы коюп коюшат. Бул ырымдын мааниси мындайча чечмеленет: шам чырак адамдарды көз тийүүдөн коргоп, сактап турган от, жарык, ал эми күзгү ачык-айкындыктын символу катары түшүнүк берет.