Өлбөс өмүрлөр

Менин Шаарым / Мой Город

Афганистандагы жарандык согушта өзүнүн интернационалдык милдетин аткаруу үчүн тогуз жыл бою кан кечип, согушуп келген советтик жоокерлердин бул өлкөдөн чыгарылгандыгына ушул жылдын февралында туура 32 жыл толду. Тогуз жылга созулган Афган согушу миллиондогон адамдардын жүрөгүндө өчпөс дарт калтырды. СССР кезинде бийлик тарабынан кабыл алынган чечимден Кыргызстандын да миңдеген жоокерлер азап чегишкен.
Мына ошол алаамат согушка катышкан жоокерлерибиздин жүрөгүндө кара так калтырып, ал эми окко учуп, мезгилсиз оо дүйнөгө сапар тарткан эр-азаматтарбыздын энелеринин жүрөгүндө айыккыс дартка айланган Афган согушун азыркы жаштардын жүрөгүнө тереңдетип жеткирүү жана толук маалымат берүү үчүн №8 орто мектепте эскерүү кече уюштурулду.

Иш-чара мектептин “Манас жаштары” балдар уюмунун мүчөлөрү болгон 3 класстын окуучулары тарабынан мыкты деңгээлде уюштурулганын баса белгилей кетүү керек. Анткени, жаш курактарынын кичинекейлигине карабастан, афган согушу тууралуу маалымат менен бөлүшүп, бул апаатка катышкан ардагерлерди эскерүүсү өтө жакшы болду. Ошондой эле, согуш темасына арналган көркөм окуу жана чакан сахналаштырылган чыгармалардын мыкты чеберчилик менен аткарып бере алгандарды өзгөчө мактоого арзыйт.
Эскерүү кечеге Токмок бириккен шаардык аскер комиссариатынын өкүлү Ислам Рысбеков катышты. Ал өз учурунда мектеп окуучуларына уюштурулган кече үчүн ыраазычылык билдирүү менен катар, жаркын келечек каалап өттү.
Расмий маалыматка таянсак, бул согушка советтик 620 миң офицер менен жоокер катышкан, анын ичинен 14 453ү каза болгон. Ал эми Кыргызстандан 7000ден ашуун
жоокер барып, 254ү курман болгон. 1,5 миңдей жоокер ар түрдүү жаракат алган. 600гө жакыны майып болуп кайткан. Эки кыргызстандык аскерге “Советтер Союзунун баатыры” наамы берилген. Кайтып келгендери Афган согушунда алган психологиялык стресстен улам эч жерде иштей албай, көпчүлүгү оорукчан болуп калды.

Э. ТОЙМАТОВА.


Данная статья является интеллектуальной и авторской собственностью МУ «Менин шаарым Токмок – Мой город Токмок».
Перепечатка материала с сайта невозможна без письменного разрешения редакции. Наша почта: moi_gorod-2006@mail.ru