Өмүрүн балдарга арнаган мугалим

Менин Шаарым / Мой Город

Жакында Токмок шаарындагы №9 орто мектептин учурдагы орус тили жана адабияты сабагынын мугалими Сопиева Оңолкан Жумагуловна “Кеменгер” төш белгиси менен сыйланды. Ардактуу мугалим бүт өмүрүн жаш муундарды тарбиялоого арнады. Билим берүү жаатында 45 жылдан бери үзүрлүү эмгектенип, өлкө үчүн илимдүү, билимдүү, ар кыл кесиптеги адистерди тарбиялап, даярдоого зор салымын кошту.
Оңолкан Жумагуловна 1953 – жылы 3 – октябрда Кемин районуна караштуу Орловка айылында туулган. 1970-жылы Искра айылындагы орто мектепти аяктаган соң, ошол эле жылы Фрунзе шаарындагы Кыргыз кыз-келиндер педагогикалык институтунундагы филология факультетинин орус тили жана адабияты бөлүмүндө окуган.
Аталган жогорку жайын аяктагандан кийин Чүй районуна караштуу Прогресс айылынын орто мектебинде орус тили жана адабияты сабагы боюнча мугалим болуп иштеди. 1979-жылы Токмок шаарындагы №20 бала бакчада эмгек жолун улантты. Ал эми 1985- жылдан 1993-жылга чейин ошол бала бакчанын башчысы кызматында эмгектенди. 1993-жылы татыктуу “Эл агартуунун отличниги” наамына ээ болду. 2002- 2008 – жылдары Токмок шаарындагы №7 орто мектепте орус тили жана адабияты мугалими болуп иштеди. 2008-жылдан бүгүнкү күнгө чейин Токмок шаарындагы №9 орто мектепте өзүнүн адистиги боюнча жаш муундарды тарбиялап, кесибин улантып келе жатат.
Жумагуловнанын мугалимдик кесипти аркалаган көп жылдык эмгеги Токмок шаарынын мэриясы, Чүй –Токмок, Чүй облустук билим берүү бөлүмдөрү тарабынан жогору бааланып, сыйлык ээси көптөгөн “Ардак грамоталар” менен сыйланган. Ардактуу мугалим 4 баланы чоңойтуп, тарбиялап, эрезеге жеткирди. 11 неберенин чоң апасы болду. Белгилей кетсек, Токмок шаарында “Кеменгер” төш белгиси менен эки жаран сыйланган. Алардын бири – Оңолкан Сопиева. Ал эми, Чүй районунда аталган ардактуу сыйлыктын ээлери үч эсеге көп саналат.

Б. Байдылдаева.


Данная статья является интеллектуальной и авторской собственностью МУ «Менин шаарым Токмок – Мой город Токмок».
Перепечатка материала с сайта невозможна без письменного разрешения редакции. Наша почта: moi_gorod-2006@mail.ru