Маданият мыктылары

Менин Шаарым / Мой Город

Профессионал музыканттарды даярдап, улуттун күзгүсү болгон маданияттын өсүшүнө чарчап-чалыкпай салым кошуп келе жаткан Республикалык маданият колледжинин жамааты 18-ноябрь күнү 70 жылдык мааракесин белгилешти.
Аталган мааракеге КР Маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары К. Иманалиев, К. Молдобасанов атындагы Кыргыз улуттук консерваториясынын деканы Т. Абдылдаев, Б. Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университетинин ректору М. Чотонов, мэриянын мамлекеттик тил боюнча жетектөөчү адиси А. Джумагулова, Чүй районунун маданият бөлүмүнүн башчысы А. Сооронбаева, шаарыбыздагы окуу жайлардын мүдүрлөрү, колледждин бүтүрүүчүлөрү, студенттери жана жалпы жамааты күбө болушту.
КР маданият кызматкерлеринин күнүнө жана окуу жайдын мааракесине карата бул күнү тапшырылган сыйлыктардын саны өтө арбын болду. Алсак, КР Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин атынан  “Маданияттын мыкты кызматкери” төш белгилери жана ардак грамоталар ыйгарылса, мэриянын , шаардык кеңештин, жана Чүй районунун маданият бөлүмүнүн атынан да ардак грамота жана алкыш каттары тапшырылды.

Мындан сырткары Республикалык маданият колледжинин жана  окуу жайдын профсоюздар комитетинин атынан грамота жана акчалай сыйлыктар өз ээлерин табып, 70 жылдык мааракенин урматына 2 адам “Көгүлтүр Ысык-Көлгө” эс алып келүү үчүн жолдомо алышты.
Кеченин соңунда келген коноктор чыгармачыл студенттердин жана эмгек жамааттын даярдаган салтанаттуу концерттик программасы коюлду. Анда жаш таланттардын созолонто обон созуп, кыргыздын улуттук аспаптарында кол ойноткондоруна күбө болуп кайтышты.

Э. ТОЙМАТОВА.