Майрамыңыздар кут болсун!

Менин Шаарым / Мой Город

Жыл сайын 22-ноябрда прокуратура кызматкерлеринин кесиптик майрамы жалпы республикабызда салтанаттуу түрдө белгиленип келет. Ардактуу кесип ээлери, жалпы баарыңыздарды кесиптик майрамыңыздар менен чын жүрөктөн куттуктаймын!
Бир кылымга тете тарыхы бар прокуратура кызматы Мекенибиздин аймагында баардык мыйзамдардын так аткарылышын иретке салып, дайыма элдик болуп келгенин тарых барактары өзү тастыктап турбайбы. Биздин башкы жетишкендигибиз – бул туруктуу тынчтык. Даңктуу шаарыбыздын Сиздер менен кесиптеш болгон мурдагы прокуратура жетекчилери негиздеп беришкен жолду татыктуу уланта бересиздер деген ойдобуз.
Мындан ары да ушул жолдон тайбай эл кызматын аркалап, үй-бүлөңүздөр менен бакубат жашап, элибиздин акыйкатка болгон мүдөөсүн актай бериңиздер.
Кесиптик майрамыңыздар кут болсун!

Мэр У. Самаев.


Данная статья является интеллектуальной и авторской собственностью МУ «Менин шаарым Токмок – Мой город Токмок».
Перепечатка материала с сайта невозможна без письменного разрешения редакции. Наша почта: moi_gorod-2006@mail.ru
Более подробно ознакомиться с публикациями вы сможете на страницах газеты.