Мактоого татыган ийгиликтер

Менин Шаарым / Мой Город

Шаарыбыздагы таэкван-до боюнча спорттун чеберлери, тажрыйбалуу машыктыруучулар Курбан Закиров менен Назира Утешовалар спорттун өнүгүшүнө чоң салымдарын кошууда. Алар көп жылдан бери өздөрүнө окшогон мыкты спортчуларды тарбиялап, спорт айдыңында чоң ийгиликтерди жаратып келе жатышат. Алар бардык убактысын, мээнетин спорттук машыгууларга жумшашып, тарбия алуучуларына мээримин төгүп келишет. Машыктыруучулардын эмгегин актап, жаш спортчулар акыркы мелдештен мактоого татыган ийгиликтер менен кайтышты.
Башынан айтсак, жакында Бишкек шаарында таэкван-до боюнча Республиканын чемпионаты болуп өттү. Аталган спорттук иш-чарада 5 жаштан жогору спортчулар күч сынашышты. Токмок шаарынан Республиканын чемпионатына тажрыйбалуу машыктыруучулар Курбан Закиров менен Назира Утешованын 70 тарбия алуучусу катышып, чоң ийгиликтерге жетишишти. Натыйжада, 7-8 жаш курактагы спортчулар арасында Томирис Закирова жана Баяман Идрисов 1-орундарды жеңип алышты. Ал эми Амир Амиров 2-орунга жана Атай Эмисбеков 3-орунга ээ болушту. 9-10 жаш курактагы спортчулар арасында 1-орунду Азиз Абдиев, Глеб Понамарев, Наиля Турдокожоева, Умар Мамазов, Назик Мирланова жана Акылай Идрисова атаандаштарын артта калтырышып, 1-орундарды жеңип алышты. Ал эми ошол эле курактагы спортчулардын арасында Инна Русакова, Кылычбек Абдытопоев, Султан Жабаикулов жана Баэль Аблакимов 2-орундарга, ал эми Эльза Сатиева 3-орунга жетишти.
Ошондой эле 11-13 жаш курактагы спортчулар арсында Бекжан Куватбеков, Амина Изакова, Каныкей Гаухарбекова, Нурайым Осконова, Абдусалих Даутов жана Аяна Жекшеновалар чемпионаттын жеңүүчүлөрү болуп кайтышты. Ошол эле жаш курактагы спортчулар арасында Илья Русаков, Айдана Акматова, Нуриель Турдукожоев, Мадина Тынышбекова, Беназир Кенешбекова, Айназик Ниязалиева, Хадижа Шакшекеевалар 2-орунду жеңип алышса, Сауле Исакова, Канатбекова Камила жана Алина Абдыгапарова 3-орунга чыгышты. Токмоктук спортчулардын таэкван-до боюнча жараткан мыкты даярдыктары жана спорттук чеберчиликтери күйөрмандарды кубандырды. Республиканын чемпионатында 14-17 жаш курактагы спортчулар арасында Назима Болотбекова, Камила Жаанбекова, Луиза Арстанбекова, Мунарбек Шайлобеков, Элдияр Куватбеков жана Максим Мазитовдор алтын медалдарды тагынышты. Ошол эле жаш курактагы спортчулар арасында 2-орунду Диана Акматова, Салия Темирбекова жана Аилита Табалдиевалар жана 3-орундарды Сезим Турсунбаева, Айданек Куватова, Азиз Мусаев жана Омурбек Эсентуровдор жеңип алышты. Аны менен бирге +18 жаш курактагы спортчулар арасында Гульшаир Акматкулова, Айдар Куванычев жана Дильноз Халиковалар байгелүү 2-орундарга ээ болушту. Ошентип, токмоктук таэван-до спортунун чеберлери чемпионаттын жүрүшүндө жалпысынан 27 алтын, 22 күмүш жана 10 коло медалдардын ээлери болуп кайтышты. Жараткан ийгилиги менен алар спорттогу чыдамкайлыктын, күжүрмөн эмгектин, жогорку чеберчиликтин үлгүсүн көрсөтүшүп, бүт өлкөгө Токмоктун атын жаңыртышты. Ийгиликтери менен ата-энелерин, машыктыруучуларын, күйөрмандарын кубандырышып, мактоого татыктуу спорттук ийгиликтерге жетишишти.

Б. Байдылдаева.


Данная статья является интеллектуальной и авторской собственностью МУ «Менин шаарым Токмок – Мой город Токмок».
Перепечатка материала с сайта невозможна без письменного разрешения редакции. Наша почта: moi_gorod-2006@mail.ru