Мамлекеттик тил Мыйзамына 30-жыл толду

Менин Шаарым / Мой Город

30-жыл мурун, тактап айтканда, 1989-жылы 23-сентябрда КР Жогорку Кеңеши “ Мамлекеттик тили жөнүндө” Мыйзамды кабыл алып, кыргыз тилине мамлекеттик тил деген макамын берген. Ушул мааракени утурлай бүгүн 11-сентябрь күнү мэриянын чоң залында “Биз тилибиз менен улуубуз” аталыштагы илимий-практикалык конференция болуп өттү. Конференцияга шаар мэри Д. Амангельдиев, вице-мэр С. Ступников, Ж. Баласагын атындагы КУУ филология факультетинин башчысы, филология илимдеринин доктору К. Абакиров, ушул эле окуу жайдын мамлекеттик тил боюнча проректору С. Тиллебаев, Илимдер академиясынын мамлекеттик тил боюнча бөлүмүнүн башчысы Г. Жамангулова, КТРКнын “Тарых, Тил, Маданият” каналынын башкы редактору Г. Кулумбаева, шаардагы мекеме, ишкана, окуу жайдын башчылары, кызматкерлери жана окуучулар катышышты.

Кеченин жүрүшүндө мамлекеттик тилдин өсүп-өнүгүүсүнө кошкон салымы, эмгеги үчүн КР Президентине караштуу Мамлекетти тил комиссиясынын атынан мамлекеттик тил мыйзамынын төш белгиси, ардак грамота, алкыш каттар өз ээлерин табышса, мэриянын атынан Мамлекеттик тил Мыйзамынын 30-жылдыгына карата өткөрүлгөн “Сабаттуу бол” акциясына активдүү катышкандарга 40 ардак грамота тапшырылды.

Э. ТОЙМАТОВА.