Мен Токмоктун ыктыярчысымын / Я Волонтер Токмока 

Менин Шаарым / Мой Город

2020-жылдын 25-мартында “Мен Токмоктун ыктыярчысымын” (Я волонтер Токмока) аталыштагы жарандык кыймыл түзүлгөн. Ага: мэриянын алдындагы жаштар кеңеши жана “ Токмок Жаштар Кеңеши”, “Демилгечи жаштардын борбору”, “Биримдик-Токмок”, ошондой эле шаардык активисттер жана шаар жаштары биригишкен. Азыркы тапта түзүлгөн ыктыярчылардын аракети менен шаар жана райондогу муктаж үй бүлөлөргө азык-түлүк жана каражат топтолууда. Кыйын кырдаалда турган үй-бүлөлөрдүн тизмеси кайталанбашы үчүн бирдиктүү тизме түзүлдү. Бүгүнкү күндө мындай муктаж 700-800 үй бүлөдөн кайрылуу түшсө, 100дөн ашуун үй бүлөгө (500 сомдук) социалдык пакеттер таратылды. Элдин жардамы менен чогулган акча каражаты жана азык-түлүктөр кары-картаң, пенсионерлерге, ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга, жалгыз бой энелерге, кыйын турмушта жашагандарга жеткирилип берээрине кепилдик беришет.

25 марта 2020 было организовано гражданское движение «Я волонтёр Токмока», в которое вошли молодёжные организации, такие как: Совет молодежи при мэрии города Токмок, общественные организации: «Токмок Жаштар Кенеши», «Центр инициативной молодёжи», «Биримдик-Токмок», а также просто гражданские активисты и молодёжь города. На данный момент силами «Я волонтёр Токмока» осуществляется сбор средств и продуктов питания для оказания адресной помощи, во всех районах города и района! Для исключения дублирования сформирована единая база данных граждан, находящихся в тяжелой жизненной ситуации. На сегодняшний день поступило около 700-800 заявок от нуждающихся семей, а более 100 семей уже получили социальные пакеты(500 сом). Волонтеры обещают, что вся оказанная помощь (финансовая или иная) будет доставлена строго по адресам для особо нуждающихся (пенсионеры, люди с ограниченными возможностями, матери-одиночки, находящиеся в трудной жизненной ситуации).

Э. ТОЙМАТОВА.