Мэр жаштар менен жолугушту

Менин Шаарым / Мой Город

Кечээ 31-октябрь күнү мэриянын кичи залында калаа башчысы Данияр Амангельдиев орто окуу жайлардын жана орто мектептердин президенттери, шаарыбыздын активист жаштары менен жолугушту. 10-ноябрь жаштар күнүнүн урматына уюштурулган жолугушуунун негизги максаты жаштар менен тыгыз иш алып баруу, шаар жашоосу үчүн пайдалуу деп  табылган идеяларын колдоо жана аларды ишке ашырууга көмөк көрсөтүү менен бирге Жаштар кеңешин түзүү пландаштырылды.
Жолугушууга келген ар бир жаш муун Данияр Жолдошевич менен жеке пикир алышып, кызыктырган суроолоруна жооп алуу менен бирге өз ой-пикирин, сунуштарын айтышты. 3 сааттан ашык болгон маектешүүдө шаар жашоосундагы жаштардын орду, спорт, экология, көрктөндүрүү, эс алуучу жайлар жана көптөгөн кызыктуу темалар талкууланды.

Э. ТОЙМАТОВА.