Мэриядан мектепке белек

Менин Шаарым / Мой Город

Бүгүн өлкөдөгү бардык мектептерде билим күнүнүн урматына салтанаттуу чогулуштар уюштурулуп, жаңы окуу жылынын алгачкы кечеси болуп өттү. Айрыкча, мектеп босогосун алгачкы аттаган бөбөктөр үчүн бул күн өзгөчө болоору анык. Эскерте кетсек, 2019-2020-окуу жылына Кыргызстан боюнча 156 миңден ашык бала 1-класска кирет.

Ал эми №5 орто мектептин босогосун бүгүнкү күнү 62 окуучу алгачкы жолу атташты. Айдын аягына чейин аталган сандын өсүшү күтүлүүдө. №5 орто мектепте уюшулган кечеге шаар мэри Д. Амангельдиев жана Чүй-Токмок билим берүү бөлүмүнүн жетекчиси А. Кибираева конок катары катышып, куттуктоо сөзүн айтышты. Окуучулардын сапаттуу билим алуусу үчүн жана мектептин материалдык-техникалык базасын чыңдоо максатында, региондорду өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылынын алкагында мектеп жамаатына Данияр Жолдошевичтин демилгесинин аркасында мэриянын атынан жабдыктары менен 8 компьютер жана интерактивдүү доска тартуу кылынды.
Салтанаттуу кече 11-класстын окуучусу Т. Бактыбеков жана 1-класстын окуучусу Н. Байтасованын коңгуроо кагуусу менен аяктады.

Э. ТОЙМАТОВА.