Милиция кызматкерлеринин майрамы белгиленди

Менин Шаарым / Мой Город

Бүгүн 1-ноябрь күнү мэриянын чон залында кыргыз милициясынын 95 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чара болуп өттү. Милиция кызматкерлерин кесиптик майрамдары менен куттуктоо үчүн мэр Д. Амангельдиев сөз кезегин алып, коомдо коопсуздукту коргоп келе жаткан тынчтык сакчыларына ийгилик каалоо менен бирге Токмок шаарынын ички иштер бөлүмүнө толук жабдуусу менен эки компьютер тартуу кылды. Белектен сырткары аталган бөлүмдүн кызматкерлерин ардак грамота менен сыйлады.

Андан сырткары Мамлекеттик коопсуздук кызматынын Токмок шаардык бөлүмүнүн башчысы Р. Абасов, шаардык кеңештин депутаты, Дунган диаспорасынын атынан Вайшу Гайсыр, Чүй областтык жана Токмок шаардык адвокатурасынын жетекчиси Ш. Нурдинова, Достук үйүнүн жетекчиси Х. Хузнахметов, “Комсер” жарнама борборунун башчысы А. Төлөгөновна, Токмок шаардык ИИБ ардагерлер кеңешинин төрагасы Т. Асанбаевке да куттуктоо сөз кезеги берилип, каалоо-тилектерин айтышты.
Токмок шаарынын ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери бул күнү ардак грамота, медаль, орден жана жаңы наамдардын ээси болуп кайтышты. Ошондой эле, үч айымга “Офицердин жубайы” медалы тапшырылды.

Э. ТОЙМАТОВА.