Мугалим – кесиптердин улуусу

Мэрия города Токмок

Урматтуу мугалимдер, тарбиячылар, педагогикалык иштин ардагерлери жана бардык кызматкерлери!

Сиздердин кесиптик майрамыңыздар – Мугалимдер күнү менен чын дилибизден куттуктайбыз!
Бардык мезгилдерде, коомдогу өзгөрүүлөргө карабастан, мугалимдик кесип эң ардактуу кесиптердин бири болгон жана болуп кала берет.
Мугалимдер күнүн шаарыбызда 800дөн ашуун адам кесиптик майрам катары белгилешет! Токмок шаарында 13 билим берүү мекемеси ийгиликтүү иштеп жатат, анда 16 миңден ашуун студент билим алышат. Ал эми 6 балдарга билим берүү уюму 2 000ден ашуун тарбиялануучуларды камтыйт, мындан тышкары балдар жана өспүрүмдөрдүн чыгармачылык борбору да балдар үчүн кызмат кылат.
Бул жыл мугалимдер үчүн жөн гана кыйын жыл болгон жок. Бул кесипкөйлүктүн чыныгы сыноосу болду. Бирок, бардык кыйынчылыктарга карабастан, кыска убакыттын ичинде мугалимдер аралыктан окутууга өтүп, окуу процессин жаңы форматка өткөрүп гана тим болбостон, тарбия иштерин да уюштура алышты. Бул үчүн сиздерге өзгөчө ыраазычылык. Дайыма ушундай: мугалим маданияттын алып жүрүүчүсү, ал эми мектеп – агартуу борбору бойдон калсын.
Тилекке каршы, быйыл карантиндик чектөөлөрдөн улам салтка айланган жана сүйүктүү иш-чарабызды, мугалимдердин салтанаттуу мааракесин өткөрүү мүмкүн болбой жатат. Бирок, жакшы нерсенин баары алдыда экенин унутпайлы.
Баарыңыздарга чың ден-соолук, жакшы маанай, тынчтык, бакубатчылык жана мындан аркы кесиптик ийгиликтерди каалоого уруксат этиңиздер!

Токмок шаарынын мэри Д. Амангельдиев,
Шаардык кеңештин төрагасы Т. Солтобаев.


Уважаемые учителя, воспитатели, все работники и ветераны педагогического труда!

Примите самые искренние поздравления с вашим профессиональным праздником – Днем учителя!
Во все времена, несмотря на любые изменения в обществе, профессия педагога была и всегда будет одной из самых почетных.
В нашем городе День учителя как профессиональный праздник отмечают более 800 человек! В Токмоке успешно работают 13 общеобразовательных учреждений, в которых обучается более 16 тысяч учащихся, 6 детских образовательных организаций с охватом более 2 000 воспитанников и Центр детского и юношеского творчества.
Нынешний год для педагогов выдался не просто сложным. Это настоящее испытание на профессионализм. Но, несмотря на все трудности, в сжатые сроки учителя смогли не только перейти на дистанционное обучение, перевести учебный процесс в новый формат, но и наладить воспитательную работу. За это вам – особые слова благодарности. И пусть так будет всегда: учитель остается носителем культуры, а школа – очагом просвещения.
К сожалению, в нынешнем году из-за карантинных ограничений провести торжественное чествование педагогов на нашем традиционном и любимом мероприятии не представляется возможным. Но это означает лишь то, что все еще впереди.
Позвольте пожелать всем вам доброго здоровья и хорошего настроения, мира, благополучия и дальнейших профессиональных успехов!

Д. Амангельдиев, мэр Токмока,
Т. Солтобаев, председатель городского кенеша.