Мушкер муштуму

Менин Шаарым / Мой Город

Өткөн айда Өзбекстандын Андижан шаарында Кулатуу Эр-Таймаш ММА боюнча эл аралык мелдеш болуп өттү. Ага Кыргызстан, Өзбекстан жана Казахстандан барган 500дөн ашуун мушкерлердин катышуусунда өткөрүлдү.
Бул чоң мелдешке профессионалдар арасында 6 кур коюлду. Ушул алты курдун баарын биздин Токмок шаарыбыздын “БАРС-ТОКМОК” клубунун эр жүрөк баатырлары, келечектен көптү үмүттөндүргөн мушкерлерибиз жеңип келишти. Алар: Чомотой Туратбеков, Баяман Сейитбеков, Таалайбек уулу Нуржигит жана Жаныбек Азимканов. Жогорудагы эр азаматтардын машыктыруучусу Мирлан Усманов ошол учурдагы ден-соолугунун начардыгына карабастан балдарын үлгү болуу үчүн чыгып, алтынчы курдун ээси болуу менен жеңишке жетишкен.
Ийгилик менен кайтып келген мушкерлерди шаар мэри Данияр Амангельдиев өз кабинетинде кабыл алып, жетишкен ийгиликтери жана жакшы көрсөткүчтөрү үчүн куттуктап, ыраазычылык билдирип кетти.

Э. ТОЙМАТОВА.