Мушкерлерден жакшы кабар

Менин Шаарым / Мой Город

Борбор калаабыз Бишкекте жайгашкан “Стронг” фитнес жана бокс борборунда 22нен — 24 февралга чейинки аралыкта Кулатуу Эртаймаш ММА боюнча Евразия чемпиондугу болуп өттү. Бул спорттук иш чара “Спорт наркотикага каршы” – деген ураандын астында өткөрүлдү. Күч сынашуу үчүн коңшу мамлекеттер Өзбекстан, Таджикистан, Казакстан жана Кыргызстандан 600 дөн ашуун спортчулар келип, катышышты.
Бул иш чаранын негизги максаты жана тапшырмасы: Кыргыз Республикасына улуттук спорттун түрлөрүн жайылтуу жана таанытуу; спорт мектептерди, спорт клубдарды өнүктүрүү; спортсмендердин ортосундагы достукту чыңдоо, бекемдөө; КР курама командасын түзүү, жаш муундарды спортко кызыктыруу; спорт чебердигин өнүктүрүү болсо, 1 орунду камсыз кылгандарга “WEF Selection, Proffight, Global” катышууга мүмкүнчүлүк алышты. Салмактарына жараша спорттук мелдеш беш категорияда болду: жаш балдар, юниорлор, кадеттер, кыздар жана чоңдор арасында.
Жакшы көрсөткүчтөрдүн аркасында “Жолборс Тим” командасы биринчиликти багындырса, Токмоктон барган “Барс-Токмок” командасы 1 орунду жети мушкер, 2 орунду беш, 3 орунду үч мушкер ээлөө менен жалпы командалык эсепте экинчи орунга ээ боло алышты. Токмок шаарыбыздын атынан жалпы он беш мушкер катышууга мүмкүнчүлүк алышкан. Ал эми үчүнчү орунду “Дордой-Алгыр” командасы ээледи.
Өсүп келе жаткан жаштардын болгон энергиясын, күчүн жаман жолго барууга эмес, спорт тармагына жумшап, өлкөбүзгө жакшы салым кошуп жаткандыктары, албетте, кубанычтуу кабар.

Э. ТОЙМАТОВА.