Мыйзам күчөтүлөт

Менин Шаарым / Мой Город

«Коопсуз шаар» долбоорунун алкагында жол бойлоруна жол кыймылынын коопсуздугун сактоо макстында камералар орнотулган. Анын негизинде жол эрежесин бузган айдоочуларга карата айып пулдар да каралган. Ага карабастан, өлкө боюнча жол эрежесин бузган айдоочулардын, жол кырсыктарынын саны азайбай келет. Буга айдоочулардын чоң ылдамдыкта, мас абалда айдагандыгы жана карама-каршы тилкеге чыгып жол эрежелерин бузуулары себеп болууда. Бирок Токмок шаарында 2020-жылдын 9 айынын ичинде жол кырсыктарынын саны азайган. Бул тууралуу Токмок шаардык ички иштер бөлүмүнүн жол коопсуздугу кыймылын камсыздоо боюнча бөлүмдүн башчысы, ага лейтенант Болот Мурсалиев билдирди.
Анын айтымында, 2020-жылы 73 жол кырсыгы, 7 адамдын өлүмү, 91 жаран жаракат алгандыгы катталган. Ал эми 2021-жылдын 9 айынын ичинде жол кырсыгы 68ди, өлүмдүн саны 7ни түзгөн, жаракат алгандардын саны 88ге чейин азайган.
Бүгүнкү күнү шаарыбызда Жантаев-Шамшы, Ленин-Шамшы, Шамшы-Гагарин, Ибраимов-Дубовицкий, Сарбагышев-Ленин, Ибраимов-Дунларов көчөлөрүнүн кесилишине жалпысынан алты камера орнотулган. Учурда шаардагы эскилиги жеткен светофорлорду жаңыларга алмаштыруу боюнча иш-чаралар жүргүзүлө баштады.
Быйылкы жылдын 9 айында мас абалындагы 133 айдоочуга 17 500 сомдук айып пулдар жазылган. Бирок чоң көлөмдөгү айып пулдар дагы айдоочуларга таасир бербегендей сезилет. Андыктан жол сакчылары тарабынан 9 ай ичинде “Рулда”, “Ылдамдык”, “Бахус”, “Коопсуз шаар”, “Техникалык абал”, “Тонировка” сыяктуу 45 рейдди өткөрүштү. Рейддик иш-чаралардын жүрүшүндө автоиниспекторлор айдоочулар арасында жол кыймылынын коопсуздугун сактоо багытында түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө. Ал эми шаардын ар бир мектебине бекитилген автоинспекторлор окуучулар арасында жол эрежесин сактоо боюнча билимдерин өркүндөтүп келишет.
Болот Ашымович Мурсалиев билдиргендей, айдоочулардын айдоо маданиятын жогорулатуу максатында иш-чаралар жүргүзүлүп, автомектептердин ишине көзөмөл күчөтүлөт.Жол эрежесин бузган айдоочуларга карата Өкмөт деңгээлиндеги тиешелүү мыйзамдар кабыл алынса, анда мас абалында айдаган айдоочулар 5 жылга чейин айдоочулук күбөлүгүнөн ажыратылганга чейинки чаралар көрүлөт. Жол кырсыгы өлүм менен коштолгон учурларда айдоочуну айдоо күбөлүгүнөн такыр ажыратууга чейинки чаралардын колдонушу мүмкүн.
Учурда Жол коопсуздугу кыймылын камсыздоо бөлүмүнүн кызматкерлери шайлоо алдындагы жол коопсуздугун сактоо багытындагы милдеттерин аткарышууда.

Б. Байдылдаева.


Данная статья является интеллектуальной и авторской собственностью МУ «Менин шаарым Токмок – Мой город Токмок».
Перепечатка материала с сайта невозможна без письменного разрешения редакции. Наша почта: moi_gorod-2006@mail.ru
Более подробно ознакомиться с публикациями вы сможете на страницах газеты.