Мыйзамды ким сактайт?

Менин Шаарым / Мой Город

Борбордук “Агзам” базарына барып калган сайын, базардын кире беришинде эки колуна балдак кармаган, жашы 30-35ге чамалап калган мырзаны кезиктирем. Таза-тыкан, өзүнө жарашыктуу кийинген ал мырза ошол жерде шаар ичинде жүргүнчү ташыган кичи-автобус жана такси кызматкерлерине жүргүнчү топтоп берип жатканына күбө болгон мен эле эмес болсом керек. Жүзүнөн жылмаюу кетпеген ал адамды көргөндө, болоор-болбос нерсе үчүн жашоого нааразы болгонуңду эстеп уялып кетесиң.
Ал мырза жашоого “шүгүр” кылууну эске салуу менен бирге, Кыргыз Республикасынын Эмгек Кодексинин “Майыптар үчүн жумушчу орундарын үлүш калтыруу” боюнча 314-беренеси бар экенин да эскерткендей болду. А, чындыгында ал адам ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгенине карабастан, катардагы адам катары жумушка орношууга, ишине жараша эмгек акы алууга укуктуу эмеспи?!
Жогорудагы суроого эмгек жана социалдык өнүгүү башкармалыгынын иш менен камсыз кылуу бөлүмүнүн жетекчиси Сүйналиева Дилбар Мырзабековна мындайча токтолду: “Токмок шаардык мэриясынын 2018-жылдын 28-ноябрындагы “шаардагы уюмдар менен ишканалардын жетекчилери социалдык коргоого муктаж болгон адамдарды ишке орноштуруу үчүн жумушчу орундарынан үлүш калтырууга болжолдуу планды аткаруу боюнча тиешелүү чараларды көрүүлөрү керектиги тууралуу” буюрмасынын негизинде мекеме, ишкана жетекчилери менен жолугушууларды өткөрдүк. Жыйынтыгы албетте, көңүл жылытаарлык эмес. Кээ бир жетекчилер: бизге ар кандай кардарлар келгендиктен, ден-соолугу жактан мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын тейлөөсү аларга жат болушу мүмкүн, андыктан “кечириңиз, жок!” деп узатышты. Мыйзамга баш ийүү менен бирге, колдоо көрсөткөндөр да жок эмес. Азыркы тапта 2019-жылга карата ҮБДБ (ЦСМ) – 2, “Интергласс” ЖЧК – 2 жана ААК “Кыргызстан” коммерциялык банкы – 1 жумушчу орун квоталоого болжолдуу план беришкен.”
Иш менен камсыз кылуу бөлүмүнө кайрылган жарандарга консультациялар берилет, иш жөндөмүнө жараша ар кандай акысыз курстарга, окууга жана акы төлөнүүчү коомдук жумуштарга жөнөтүлөт. Ал эми жыл башынан бери аталган бөлүм эки адамды жумуш орду менен камсыз кылса, беш адам каттоодо тургандыгын маалымдашты.
Майыптуулугу бар адамдар жумушка орношуу үчүн райондор аралык МСЭКтен жумуштун кайсы түрүнө жарактуу экендиги тууралуу справка талап кылынат. МСЭКтин врач эксперттеринин берген маалыматы боюнча иш менен камсыз кылуу бөлүмүнө 2018-жылы 50 адам жөнөтүлгөн. Алардын бири окууга өткөрүлүп, бири жумушка орнотулган, ал эми төртөө каттоодо турат, ошону менен элүү адамдын алтоо гана аталган бөлүмгө кайрылган.
Жогоруда Дилбар Мырзабековна айтып өткөндөй, эртеңки күнү бизди эмне күтүп жатканын аңдап, билүү мүмкүн эмес. Ар бирибизде келечек муунубуз болгон балдар бар, андыктан, мыйзамга баш ийүү менен бирге адамдык сапатты бекемдеп, ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга колдоо көрсөтөлү. Мыйзамда, эгер иш берүүчүнүн кол алдында 20 дан ашык кызматкер иштесе, анда колдоого муктаж майып адамды жумушка алууга милдеттүү!
Шаар тургундарынын эсине салып кетели, иш менен камсыз кылуу бөлүмү Ленин көчөсүнүн 389 үйүндө (Тресттин имараты), 301 – 303 кабинетте жайгашкан. Телефон номери: 3-42-45; 3-42-35.

Э. ТОЙМАТОВА.