Мыктылар биздин катарда

Менин Шаарым / Мой Город

Борбор калаабыз Бишкекте жайгашкан Каба уулу Кожомкул атындагы Спорт ордосунда11-12-февраль күндөрү дзюдо боюнча өспүрүмдөр арасында Кыргыз Республикасынын чемпионаты болуп өттү.
Республикалык чемпионатта өлкөнүн 5 облусунан (Чүй, Ош, Нарын, Ысык-Көл, Талас) жана Ош, Бишкек шаарларынан 483 балбан катышты. Мелдеш 16 салмак категориясында өттү.
Бул мелдешке шаарыбыздын курама командасы да катышып, байгелүү кайтып келишкен. Кыздар арасында 57 килограмм салмак чени менен биринчи орунду Мырзайым Дүйшекеева жеңип алса, балдар арасында Берен Замирбеков 2-орунду, Актан Климов 3-орунду, ал эми Айваз Орозбеков жана Нуркамил Каныбековдор 4-орунду камсыз кыла алышкан. Жеңүүчүлөр жана байгелүү орундун ээлери диплом, медалдар менен сыйланышты.
Белгилей кетсек, чемпионат Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциясы жана Кыргыз Республикасынын дзюдо федерациясы тарабынан уюштурулду.
Ал эми, өткөн айдын 19нан 24нө чейинки аралыкта Кочкор районунда Кыргыз Республикасынын агартуу мыктысы, маркум Т. Дыйкановдун жаркын элесине арналган баскетбол боюнча балдар жана кыздар арасында турнир орун алган.
Токмок шаарынын атынан барган балдарыбыз биринчиликти багындырса, кыздарыбыз экинчи орунга ээлик кылып кайтышканын жаштар иштери, дене тарбия жана спорт бөлүмүнөн кабарлашты.
Эркин күрөш боюнча чоңдор арасында Кыргыз Республикасынын чемпионаты 29-30 – январь күндөрү Бишкек шаарында болуп өткөн. Шаарыбыздын намысын коргоо үчүн 86 килограмм салмак ченинде ат салышкан Бакыт Жаркынбаев 3-орунду багындырып кайткан.
Ал эми, 11-14 февральда Кара-Балта шаарында орун алган эркин күрөш боюнча эл аралык турнирде 71 килограмм салмак ченинде күрөшкөн балбаныбыз Нурсултан Райымкулов биринчи орунду багындыра алган.
Ошондой эле, балдар жана жаш өспүрүмдөр олимпиадалык резерв спорт мектебинде 11-14 февральга чейинки аралыкта бокс боюнча өспүрүмдөр арасындагы Токмок шаарынын ачык биринчилиги өткөрүлдү.
Аталган мелдешке Чолпон-Ата, Кара Кол, Ак-Суу, Нарын, Кочкор, Балыкчы, Кара Балта Кант шаарларынан, Москва жана Чүй районунан келген 220 спортчу катышты. Албетте, биздин мушкерлер мындай мүмкүнчүлүктү кое бербестен болгон күчун жумшап, ийгиликтерди багынтууга болгон аракетин жумшашты.
Фурхад Ишмухамедов 71 килограмм салмак ченинде 1-орунду багынтса, Насыр Гайбуллин (39 кг.) жана Абдурауф Азатов (92 кг.) экинчи орунга ээ болушкан. Ал эми 3-орунду төрт мушкерибиз багындырышкан.

Э. ТОЙМАТОВА.


Данная статья является интеллектуальной и авторской собственностью МУ «Менин шаарым Токмок – Мой город Токмок».
Перепечатка материала с сайта невозможна без письменного разрешения редакции. Наша почта: moi_gorod-2006@mail.ru