Өнөрлүү өжөр адам

Менин Шаарым / Мой Город
Адам баласына тагдыр түрдүү сыноо берет. Оор тагдырга кабылган адам менен баарлашканда, өзүңдү оңтойсуз, күнөөлүү сезип, көкүрөктү оор жүк баскан учурлар болот. Ал эми бүгүнкү каарманым менен маектешип отуруп, тескерисинче мен энергия алдым. Жашоого позитивдүү караган Камыл мырзадан көпчүлүгүбүз үлгү алсак болчудай.
Бакиров Камыл Абдрасулович 600 гр. салмак менен алты жарым айлык болуп жарык дүйнөгө келген. Ал төрөлгөндө эле медициналык картасына ДЦП деген диагноз жазылгандыгын Жорохан апа айтып өттү. Эч ким баласына оору тилеп албайт эмеспи. Баласынын майып болуп төрөлүп калганына ичи ачышкан ата-эне “мен дарыгермин”- дегендердин баарынын эшигин каккылап, барбаган жерлери калбаганын айтат.
Камыл мырза мектепке барууга жашы жеткенде мугалимдер үйүнө келип окутушса, кийин апасынын жетегинде мектепке каттап, окуй баштаган. Шаарыбыздагы № 3 орто мектебинде 8 класска чейин билим алган. Жорохан апанын айтуусунда, баласынын басып кетүүсүнө өтө көп күч жумшалган. Акыры “аракет кылсаң береке” – дегендей Камыл мырза 11 жаштан ашканда гана алгачкы кадам жасап, басууга аракет көрө баштайт.
Толук эмес орто билим менен гана токтоп калбастан, Камыл мырза борбор шаарыбыз Бишкекте окуп, өтүкчүлүк кесиптин ээси болууга жетишкен. Азыркы учурда үйүнүн жанына өтүк оңдоочу жай ачып, өзүнчө кардар топтоого да жетишкен. Айдоочулук күбөлүгү дагы бар экендигин, бирок, унаа айдагандан эмнегедир корко берээрин айтат. Камыл мырза азыркы тапта мотороллер айдайт.
18-19 жаш курагында оор атлетика боюнча паралимпиада оюндарына катышкан. 70 кг салмакты көтөрүү менен 2 орунга татып, оор атлетика боюнча дүйнөлүк чемпион, даңазалуу спортчу Каныбек Осмоналиевдин колунан грамота алууга жетишкен. Каарманыбыз кийин үйлөнгөн соң, жалкоолонуп спортту таштап койгонун айтып күлдү.
Жашоосуна дагы жакшы жаңылык киргизүү үчүн шаарыбыздагы Лукман-аль-Хаким атындагы ислам институтунан билим алган. Ал жактан араб тамгасын таанып, үйрөнгөн соң, балдарына да үйрөтүүгө аракет кылып жатканын айтты.
Азыркы учурда Камыл Бакиров 46 жашта. Апасы, келинчеги жана эки уулу менен жашайт. Балдарынын бири мектепте окуса, экинчиси лицейде билим алат. “Жашоонун кадырын билип жашагыла. Ар бир өткөргөн убакытты пайдалуу өткөрүүгө аракет кылуу керек. Тагдырдын берген сыноосун көтөрө албай чөгүп, ичкиликке, жаман жолго берилип кетүү туура эмес. Жакшылыктан үмүт үзбөй жашаш керек. Жакшылыкка, жакшы жашоого умтулуу менен баардык кыйынчылыкты жеңсе болот”- дейт Камыл мырза.

Э. ТОЙМАТОВА.