Обращение Токмокского ТИК

Менин Шаарым / Мой Город

Токмок аймактык шайлоо комиссиясынын шайлоо процессинин катышуучуларына
КАЙРЫЛУУСУ

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 27-майындагы №231 Жарлыгы менен Кыргыз Республикасынын Бишкек, Ош жана Токмок шаардык кеңештеринин депутаттарын кайталап шайлоо 2021-жылдын 11-июлуна дайындалды.
“Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык талапкерлер, алардын жакын туугандары, талапкердин жубайы, талапкерлердин жана саясий партиялардын өкүлдөрү шайлоо дайындалган учурдан тартып жана шайлоонун натыйжалары жарыяланганга чейин кайрымдуулук иштерин жүргүзүүгө укуксуз.
Мындан тышкары, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамында шайлоо дайындалган учурдан тартып шайлоочуларды төмөнкүдөй сатып алууну жүзөгө ашырууга тыюу салынары белгиленген:
• акча каражаттарын төлөп берүү;
• белектерди жана башка материалдык баалуулуктарды тапшыруу;
• товарларды жеңилдетилген баада сатуу;
• саясий партиянын символун, талапкердин
сүрөтүн камтыган басылма үгүт материалдарын, төш белгилерди, футболкаларды, баш кийимдерди, моюн орогучтарды албаганда, ар кандай товарларды акысыз таркатуу;
• акысыз же жеңилдетилген шартта кызмат көрсөтүү.
Учурда Токмок АШКга келечектеги депутаттыкка талапкерлер тараптан жүргүзүлүп жаткан кайрымдуулук иш-чаралары тууралуу билдирүүлөр келип түшүүдө. Түшкөн маалыматтардын баары жазылууда, кийинчерээк тиешелүү чаралар көрүлөт.
Ушуга байланыштуу Токмок аймактык шайлоо комиссиясы саясий партияларды, ошондой эле келечектеги талапкерлерди жогоруда аталган Мыйзам белгилеген ченемдерди бузуучу, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген жоопкерчиликке алып келүүчү аракеттерге жол бербөөгө чакырат.
Маалымат катары Токмок АШК Токмок шаарынын шайлоочуларына шайлоо мыйзамдарынын ченемдерин бузууну күбөлөндүргөн фактылар тууралуу 0552888377 телефону (WhatsApp), 3-31-67 боюнча Токмок АШКнын ыкчам чара көрүүчү координациялык тобуна билдирүүнү өтүнөбүз.


ОБРАЩЕНИЕ
Токмокской территориальной избирательной комиссиик участникам избирательного процесса

Указом Президента Кыргызской Республики от 27 мая 2021 года, № 231 на 11 июля 2021 года назначены повторные выборы депутатов Бишкекского, Ошского и Токмокского кенешей.
В соответствии с Законом «О выборах депутатов местных кенешей» кандидаты, их близкие родственники, супруг (супруга), представители кандидатов и политических партий с момента назначения выборов и до опубликования результатов выборов не вправе заниматься благотворительной деятельностью.
Кроме этого, Законом установлено, что с момента назначения выборов запрещается осуществлять подкуп избирателей:
• выплачивать денежные средства;
• вручать подарки и иные материальные ценности;
• проводить льготную распродажу товаров;
• бесплатно распространять любые товары, за исключением агитационных печатных материалов, значков, футболок, головных уборов, шарфов, содержащих символику политической партии, выдвинувшей список
кандидатов, изображение кандидата в соответствии с перечнем, утверждаемым Центральной избирательной комиссией;
• предоставлять безвозмездные или на льготных условиях услуги.
Отмечаем, что в Токмокскую ТИК в настоящее время поступают сигналы о проводимых благотворительных мероприятиях. Все поступающие данные фиксируются, впоследствии будут приняты соответствующие меры.
В этой связи, Токмокская территориальная избирательная комиссия призывает политические партии, а также кандидатов воздержаться от действий, нарушающих нормы, установленные вышеуказанным Законом, которые могут повлечь ответственность, установленную законодательством Кыргызской Республики.
Токмокская ТИК обращается к избирателям Токмока с просьбой сообщать о зафиксированных фактах, нарушающих нормы избирательного законодательства, в Координационную группу оперативного реагирования Токмокской ТИК по телефону 0552 888 377 (WhatsApp), раб. тел. 3-31-67.


Данная статья является интеллектуальной и авторской собственностью МУ «Менин шаарым Токмок – Мой город Токмок».
Перепечатка материала с сайта невозможна без письменного разрешения редакции. Наша почта: moi_gorod-2006@mail.ru