Окуучулардын спорттук таймашы

Менин Шаарым / Мой Город

Үстүбүздөгү жылдын 16-октябрында Токмок шаардык балдар жана өспүрүмдөр адистештирилген олимпиадалык резервдик спорттук мектебинде (БӨОРСМ) окуучулар арасында “Алтын күз” аталыштагы баскетбол, волейбол жана мини футбол боюнча турнирдин ачылыш аземи болду. Турнир ар жылы күз айларында өткөрүлөт. Бул жылы жогорудагы иш-чара Токмок шаардын күнүнө карата “Спорт, балдарды сатууга каршы” деген ураан менен өттү . Турнирди ачуу үчүн Токмок шаардын мэри Данияр Амангельдиевке сөз кезеги берилди. Андан соң Чүй-Токмок билим берүү бөлүмүнүн жетектөөчү адиси Анастасия Белова жана Токмок шаардык ички иштер бөлүмүнүн жаштар, өспүрүмдөр инспекциясынын ага инспектору Жылдыз Мамбеталиева жаш жеткинчектерге ийгилик каалап өтүштү.
Бул иш чара 15-октябрдан баштап, 22 не чейин, 8 күн аралыгында өткөрүлдү. Баскетбол жана волейбол боюнча мелдештер №5 орто мектептин спорт залында уюштурулса, мини футболду БӨОРСМда ойношту. Жалпысынан турнирге шаарыбыздагы 11 мектептин командалары катышышып, кызыктуу оюн көрсөтө алышты.

Шаардык турнирдин жабылуу жана сыйлык тапшыруу аземи 22-октябрда БӨОРСМдын футболдук аянтында орун алды. Өткөрүлгөн иш-чара жана анын катышуучулары тууралуу маалымдоочу судья Бахтияр Юсупов рапорт тапшырды. Андан соң, жеңүүчүлөргө кубок, грамота жана топторду тапшыруу милдети шаардын вице-мэри Сергей Ступниковго жана жаштар иштери, дене-тарбия жана спорт бөлүмүнүн жетекчиси Азамат Базаркуловго ыйгарылды. Баскетбол боюнча 1-орунду №8 орто мектеп, 2-орунду №12 орто мектеп, 3-орунду №1 мектеп гимназия камсыз кылышты.
Ал эми волейбол боюнча биринчиликти кайрадан эле №8 орто мектептин командасы ээледи. 2-орунду жогорку көрсөткүч менен №12 мектеп алса, 3-орунга №13 орто мектебинин командасы ээ болду.
Мини футболдон дагы биринчиликти алган соң, №8 орто мектептин командасы өтө жакшы даярдык менен келгендигин баамдадык. Бул жеңүүчүлөрдөн кем калбай, аталган спорттун үч түрүнөн тең 2 орунду камсыз кылган, №12 орто мектептин командасы болду. Ал эми 3-орунду № 3 орто мектептин командасы ээледи.
Мындан сырткары жогорудагы спорттун үч түрү боюнча өздөрүн мыкты деңгээлде көрсөтө алган 13 оюнчуга ар кандай номинация менен бирге кызыктыруучу сыйлыктар тапшырылды. Ал номинацияларды Чүй-Токмок билим берүү бөлүмүнүн жетектөөчү адиси Анастасия Белова, БӨОРСМ мүдүрү Кубанычбек Идинов, БӨОРСМдун завучу Турдубай Көбөгөнов жана Токмок шаардык ички иштер бөлүмүнүн жаштар, өспүрүмдөр инспекциясынын жетекчиси Гүлзада Асаналиевалар тапшырышты.

Э. ТОЙМАТОВА.