Педагогдор үчүн спорттук таймаш

Менин Шаарым / Мой Город

22-27 мартка чейинки аралыкта Токмок шаардык жалпы билим берүү мекемелеринин педагогдорунун катышуусунда спартакиада болуп өттү. Волейбол, стол тенниси, шахмат жана тогуз коргоол боюнча бир убакта эле, бир нече орто мектептин залдарында кызуу таймаш болду. Бул спорттук иш-чарага жалпысынан шаардагы орто мектептердин жамаатынан турган 14 команда катышып, кызыктуу оюн көрсөтө алышты.

270319 СШ№5 Спорт 042
270319 СШ№5 Спорт 052
270319 СШ№5 Спорт 010
270319 СШ№5 Спорт 012
270319 СШ№5 Спорт 036
270319 СШ№5 Спорт 038
270319 СШ№5 Спорт 040
270319 СШ№5 Спорт 039
270319 СШ№5 Спорт 089
270319 СШ№5 Спорт 090
270319 СШ№5 Спорт 093
270319 СШ№5 Спорт 103
270319 СШ№5 Спорт 106
Мыкты көрсөткүч жана жакшы даярдыктын негизинде жалпы командалык эсеп менен Ч. Айтматов атындагы №9 мектеп 1-орунга ээ болду. Ал эми 2-орунду №12 орто мектептин командасы ээлешсе, 3 орунга №2 орто мектептин алдыга умтулган командасы татыды. Жеңүүчүлөргө кубок жана грамоталарды вице мэр С. Ступников, Чүй-Токмок билим берүү бөлүмүнүн жетекчиси А. Кибираева жана Токмок шаарынын билим берүү кызматкерлеринин профсоюз комитетинин төрайымы Д. Жумалиева тапшырышты.

Э. ТОЙМАТОВА.