Педагогдор үчүн спорттук таймаш

Менин Шаарым / Мой Город
Токмок шаардык жалпы билим берүү мекемелеринин педагогдорунун катышуусунда волейбол, стол тенниси, шахмат жана тогуз коргоол боюнча спартакиада 22-марттан баштап өтүүдө. 25-март күнү №5 орто мектептин спорт залында ачылыш аземи болуп өттү. Бул спорттук иш-чарага жалпысынан 14 команда катышууда. Аталган спорттук оюндардын түрлөрү боюнча бир убакта эле, бир нече орто мектептин залдарында кызуу таймаш менен өтүүдө. Жабылуу аземи 27-мартта саат 10:00 до кайрадан эле №5 орто мектептин спорт залында болмокчу.

Спартакиаданын негизги максаты жана тапшырмасы: дене-тарбия жана спорттун түрлөрүн жайылтуу, өнүктүрүү; педагогдорду дене-тарбия жана спортко кызыктыруу, шаарыбыздын педагогдорунан турган курама командасын түзүү үчүн алдын ала тандоо

Э. ТОЙМАТОВА.