Поздравление от первых лиц города

Мэрия города Токмок

Майрамыңыздар менен кадырман карылар!

Жыл сайын республикабыздын булуң-бурчтарында салтка айланып калган карылар күнү берекелүү коңур күздө, чоң майрамдык салтанаттар менен белгиленип келген. Ошондой маанайды көтөргөн майрамды чогулуп өткөрө албасак да, сиздер дайыма көңүл борборундасыздар.
Демек, жогорку бийлик сыяктуу эле, жергиликтүү бийлик да кадырман карыларын эч качан эстен чыгарбайт. Анткени сиздер, өз кезегинде иштеген күжүрмөн иштериңиздер аркылуу шаарыбыз гана эмес, бүтүндөй республиканын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө чоң салым кошкон адамсыздар.
Ооба, сиздердин жалындуу жаштык, күрдөөлдүү эмгегиңиздер аркылуу учурдагы ааламдашуу мезгилиндеги ушул бакубат жашоого жетишип отурганыбыз чындык.
Элибиздин “Карысы бардын – ырысы бар” деген накыл кебинин сыңарындай нарк сактаган сиздердей карыларыбызга чың ден соолук, узун өмүр, дөөлөттүү карылыкты каалайбыз!
Майрамыңыздар кут болсун!

У. Самаев, Токмок шаарынын мэри,
Т. Сансызбаев, шаардык кеңештин төрагасы.


Ежегодно, в благодатную осеннюю пору во всех уголках нашей Республики в торжественной обстановке отмечали День пожилых. К сожалению, нынешняя обстановка не позволяет проводить такие праздничные мероприятия. Но, несмотря на это, вы всегда находитесь в центре нашего внимания.
Как и вышестоящие ветви власти, местная власть никогда не оставит пожилых людей без внимания. Потому что вы неустанным трудом внесли большой вклад в социально-экономическое развитие не только нашего города, но и всего нашего государства.Благодаря вашей созидательной трудовой энергии молодости, мы живем наравне со всеми в нынешнем мире глобализации, и это неоспоримая истина.
У нашего народа есть поговорка “Карысы бардын – ырысы бар” – “Старшим почет и уважение”. Мы искренне желаем старшему поколению доброй и светлой старости, крепкого здоровья, долголетия! С праздником, наши дорогие!

У. Самаев, мэр Токмока,
Т. Сансызбаев, председатель городского кенеша.