Поздравление от первых лиц города

Мэрия города Токмок

Урматтуу токмоктуктар!

Жалпы баарыңыздарды келе жаткан Нооруз элдик майрамы менен куттуктаймын!
Кылымдарды карыткан кыргыз элинин бактысына кайрылып келген, Эгемендүүлүк жылдары кеңири майрамдалып келе жаткан Нооруз элдик майрамы эл ичиндеги ынтымакты, биримдикти бекемдөөчү өзгөчөлүккө ээ болуп келген.
Жыл тогошуп, күн сапары узарып, жаратылыш кайрадан жанданып, келечек күндүн камылгасы көрүлгөн ушул мезгилде жалпы токмоктуктарга чың ден соолук, бакубат жашоо, ынтымак, бакыт жана биримдик каалаймын!

Мэрдин м. а. К. Чотбаев.


Уважаемые токмокчане!

От всей души поздравляю вас с наступающим народным праздником Нооруз!
Нооруз издревле отмечается весной, когда пробуждается природа, и люди в этот день старались все плохое оставить позади, устремив свои помыслы в светлое будущее.
Начиная с этого времени дни становятся длиннее, давая людям заняться подготовкой к урожаю благодатной осени. Особенностью праздника является прощение всех обид, всеобщий призыв к единству.
Желаю вам крепкого здоровья, семейного счастья, весеннего настроения, исполнения всех ваших желаний.

И. о. мэра К. Чотбаев.