Санариптештирүү жүрүүдө

Менин Шаарым / Мой Город

Токмок шаардык мамлекеттик архиви 2004 жылдын 15-июнунда шаардык мэриясынын №186 «Токмок шаардык мамлекеттик архивин түзүү жөнүндөгү» – токтомунун негизинде уюшулган. Уюшулган күндөн тартып 79 фонд жана 14486 сактоо бирдиги шаардык архивге бекитилген. Бүгүнкү күндө 113 фонд, 29 938 сактоо бирдиги мамлекеттик сактоодо.
Кыргыз Республикасынын президентинин Указынын негизинде 2019-жыл “Аймактарды өнүктүрүү жана санариптештирүү жылы” – деп жарыяланганы баарыбызга белгилүү. Андыктан, 2019-жылы архивдик документтерди санариптештирүү максатында “Архив фонду-5” программасы менен жалпы фонддорду электрондук форматка өткөрүү иши жүрүп жатат. Ошондой эле архивдик суроо-талаптарды каттоо электрондук түрдө жүргүзүлүп, “АИС Электронная регистрация” программасы менен ишке ашырылат. Аталган программаларды webmail.archives.gov.kg, zapros@archives.gov.kg электрондук адресинен табууга болот.
Санариптештирүүнү өздөштүрүү максатында КМШ өлкөлөрүнүн ичинен Казакстан Республикасында өткөн “Жаш архивисттердин 3-жайкы мектебинин” семинарына шаардык архивдин кызматкерлери катышып келишкен. Анда “Архивдерди санариптештирүү“ – деген темада семинарга жана “Архив документтеринин сакталуу көйгөйлөрү»- деген темадагы тегерек столуна катышып, Казакстан Республикасынын архивдери менен таанышып кайтышты.
Шаардык мэриясынын 29-декабрь 2004-жылы № 374- токтомунун негизинде мурунку № 5- балдар бакчасынын имаратында оперативдик башкарууда колдонуп келген. Бул жылы мэрия тарабынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин 4-апрель 2013-жылдын №2970-V токтомунун 8-пунктуна таянып, 1-кичи районундагы (3-этаж МРЭО) имаратка ондоо иштери жүргүзүлүп, мамлекеттик архив үчүн 232,9 чарчы метр бөлүнүп берилди.  Алдыда архивдик документтерди көздүн карегиндей сактап, жаны имаратка көчүрүү иши турат.

Ж. Ибраимова, шаардык мамлекеттик архивинин жетекчиси.