Шаарыбыздын мыкты уул-кыздары

Менин Шаарым / Мой Город

Үстүбүздөгү жылдын 18-20-март күндөрү Токмок шаарында “Самбо” боюнча Кыргыз Республикасынын биринчилиги өткөрүлдү. Болуп өткөн мелдешке жалпы республика боюнча 250дөн ашык мыкты спортчулар катышты. Алардын катарын толуктаган шаарыбыздагы олимпиадалык резервдеги балдар жана жаш өспүрүмдөр спорт мектебинин спортсмендери да эң жакшы деген ийгиликтерге жетише алышты.
Алтын медалы менен: 58 килограмм салмак чениндеги Саякбек уулу Бекназар жана 64 килограммдагы Нуржан Джаркынбаевалар мыкты даярдыктары жана көрсөткүчтөрү менен атаандаштарын артка калтырып, алтын медалга ээ болушкан.
Ал эми 2-орунду ээлеп, 47 килограмм салмак чениндеги Адинай Байсымакова, 54 кг. салмактагы
Диана Джаркынбаева, 64 килограмм салмак чениндеги Марина Джүндүбаева жана Азамат Ивахов (79 кг.) күмүш медалга ээ болгондордун катарын толуктады.
Коло медалды капчыгына салгандар 47 килограмм салмак чениндеги Альбина Эрмекова, Бактыбек уулу Мирсейит (64 кг.) жана Эрен Замирбековдор (89 кг.) болду.
Жогоруда аты аталган алдыңкы спортчуларыбыз шаардык спорт мектептин машыктыруучусу Эрнест Тургуналиевдин кол алдында машыккан, өз ишин так аткарган уул-кыздарыбыз. Бул спортчуларыбыз келечекте Кыргыз Республикасынын желегин бийик көтөрүп, дүйнө жүзүнө өлкөбүздүн атын тааныткан мыкты спортчулардын катарынан орун аларына терең ишенебиз.

Э. ТОЙМАТОВА.


Данная статья является интеллектуальной и авторской собственностью МУ «Менин шаарым Токмок – Мой город Токмок».
Перепечатка материала с сайта невозможна без письменного разрешения редакции. Наша почта: moi_gorod-2006@mail.ru