Спартакиаданын жеңүүчүлөрү аныкталды

Менин Шаарым / Мой Город

Үстүбүздөгү жылдын 16-22 декабрь күндөрү БӨРСМ жана ТИПКнын спорт залында мэриянын жана Токмок шаарынын структуралык бөлүмдөрүнүн кызматкерлери арасында спартакиада болуп өттү. Мелдеш кол күрөш, гиря көтөрүү, волейбол, мини-футбол, стол тенниси, аркан тартыш, стритбол жана тогуз коргоол боюнча өткөрүлдү.

Ар бир спорттук оюндун түрү боюнча 1, 2 жана 3 орунду алган жеңүүчүлөр аныкталып, аларга диплом жана медалдар тапшырылды. Мындан сырткары жалпы командалык эсеп боюнча 102 упай алып, Чүй-Токмок билим берүү бөлүмүнүн командасы жеңүүчү деп табылды. Андан кийинки 2-орунду 40 упай менен “Соц.фонд” командасы ээлесе, 3-орунга 32 упай алуу менен “Мэрия” командасы ээ болушту. Жеңүүчүлөрдү куттуктоо жана белек тапшыруу милдетин вице-мэр С. Ступников алды.

Э. ТОЙМАТОВА.