[:ru]Спорт- ден соолуктун булагы[:]

[:ru]
Мой Город / Менин Шаарым

Кыргыз Республикасы 2018-жылдын 31-августунда 27-жолу көз карандысыздык күнүн белгиледи. Бул күнү Кыргызстандын бардык булуң-бурчунда эгемендүүлүк майрамы белгиленип, ар аймакта театрлаштырылган оюн-зооктор, майрамдык концерттер, спорттук мелдештер өткөрүлдү. Алардын катарында Токмок шаарыбыздын борбордук аянтында майрамга келгендерди шаардын мэри Данияр Амангельдиев эгемендүүлүктүн 27 жылдыгы менен куттуктады. Шаар тургундарына чоң программадагы концерт тартууланган соң, Токмок жаштар иштери, дене-тарбия жана спорт бөлүмү тарабынан көрүүчүлөр арасынан чыккан каалоочулардын катышуусу менен спорттук оюндар: кол күрөш, чоюн көтөрүү жана аркан тартыш сыяктуу мелдештер уюштурулду.

[:]