Спорт – сергек жашоо

Менин Шаарым / Мой Город

Шаарыбызда 6-апрель күнү Токмок шаарынын жаштар иштери, дене тарбия жана спорт бөлүмүнүн уюштуруусу менен чоңдор арасында жеңил атлетика боюнча биринчилик болуп өттү. Аталган иш-чара дене тарбия жана спорт кызматкерлеринин күнүнө, апрель элдик революциясына жана бүткүл дүйнөлүк ден-соолук күнүнө карата Токмок индустриялык колледждин спорт комплексинде белгиленди.
Бул спорттук иш-чарада кыз-келиндер арасында 100, 500, 1500 метр аралыкка, ал эми мырзалар үчүн 100, 500, 1000, 3000 метр аралыкка чуркоо, узундукка секирүү жана стол үстүндөгү теннис сыяктуу спорттук оюндардын түрлөрү көрсөтүлдү.
6-апрель күнү нөшөрлөп жааган жазгы жамгырга
карабай чуркаган спорт сүйүүчүлөрүнүн арасынан да мыктыларды тандоого мүмкүндүк болду. Мырзалар арасында: 3000 метр аралыкты багындырып 1 орунга ээ болгон Р. Асанканов, 2 орун Я. Василевский, 3 орун А. Эралиев болсо, 1000 метр аралыктын мыктысы кайрадан эле Р. Асанканов, экинчиликти К. Жебрик, жогорудагы категорияда 2 орунду ээлеген Я. Василевский бул аралыкта үчүнчү орунга ээлик кылды. 100 метрге чуркоодо Р. Соколов биринчи болуп марага келсе, Э. Барабанов экинчи, Бектур уулу Барсбек үчүнчү болуп жеңиш сызыгын аттап өттү. Жеңил атлетика боюнча жаштардан кем калбай 1500 метрге чейин чуркап, ден-соолугуна кам көргөн жана спорттун өнүгүүсүнө салым кошкон Азамат Базаркулов жана Канатбек Шерботоевдер бар. Бул эки мырза жакында Ысык-Көлдө өтө турган марафонго даярдык көрүп жатышкандыктарын кабарлашты.
Ал эми кыз-келиндер арасында 1500 метр аралыкка чуркоодо мыкты көрсөткүч менен өзгөчөлөнгөн Д. Дацковская болсо, А. Шайлообекова экинчи, А. Таалайбекова үчүнчү болуп чуркап келип, ийгиликтерге жетише алышты. 1000 метр аралыгында Е. Павленко жакшы даярдыгынын аркасы менен биринчиликти ээлесе, О. Оренбергер 2 орунду, В. Бабаева үчүнчү сыйлуу орунду ээлей алды. 500 метрге чуркоодо кайрадан эле Д. Дацковская баш байгеге ээ болсо, М. Ен 2 орунга жана А. Шайлообекова 3 орунга ээлик кылышты.
Стол үстүндөгү теннис боюнча кыздар арасында 1 орунду С. Холикова, 2 орунду К. Рустамбекова, 3 орунду А. Бекбосунова ээлесе, мырзалар арасында спорттун бул түрүнөн биринчиликти З. Ташмухамедов, экинчиликти Р. Нагаев, ал эми үчүнчү орунду А. Кемелов багындырды.
Узундукка секирүүдө мырзалар арасында Р. Соколов биринчи, Э. Барабанов экинчи, Бектур уулу Барсбек үчүнчү орунду багындырышса, кыз-келиндер арасында Е. Павленко 1 орунду, К. Абылбекова 2 орунду, О. Оленбергер үчүнчү орунду ээледи. Жогорудагы аты аталган жеңүүчүлөргө жакшы көрсөткүчтөрү үчүн диплом жана сыйлуу белектер тапшырылды.
Дене тарбия жана спорт кызматкерлеринин күнүнө карата жана спортту өнүктүрүүгө кошкон салымдары үчүн КР билим берүүсүнүн отличниги Т. Көбөгөновго жана эркин күрөш боюнча машыктыруучу Ж. Токтоболотовго “Кыргыз Республикасынын спорт ардагери” төш белгиси тапшырылды. Андан сырткары КР өкмөтүнө караштуу жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинин ардак грамотасы менен Ф. Ушунбаева сыйланды. Э. Тургуналиев жана М. Адылбековага алкыш кат тапшырылса, Д. Юсупова, К. Нуров, Н. Утешова жана Квон Квангхук ардак грамотанын ээси болушту.

Э. ТОЙМАТОВА.