Спорт жаңылыктары

Менин Шаарым / Мой Город

Борбор калаабыз Бишкекте 12-13 октябрь күндөрү кросско чуркоо боюнча Кыргызстан чемпиондугу болуп өттү. Ага респуликабыздын ар кайсы региондорунан жана ири шаарларынан жүздөн ашуун спортчулар келишти.
Турнир олимпиадалык спорт башкармалыгы жана жеңил атлетика федерациясы менен биргеликте өткөрүлдү. Ал күнү уюштурулган спорттун жеке түрү боюнча байгелүү орундарды ээлеген спортчулар олимпиадалык спорт башкармалыгынын грамота жана медалдары менен сыйланышты.
Алардын арасында Токмок шаарынан барган спортчуларыбыз да, ийгиликке жетишип, кайтышты. 100 метр аралыкка чуркоодо 2-орунду Е. Павленко камсыз кылган. Ал эми, бийиктикке секирүүдө 175 сантиметр көрсөткүчү менен Э. Барабанов 3-орунду ээлесе, кыздар арасында 135 сантиметр бийиктикке секирүү аркылуу Д. Дацковская 2-орунду камсыз кыла алды. Аталган турнир “Чылымсыз спорт” ураанын астында өткөрүлдү.
Кросс – бул жеңил атлетиканын кызыктуу бир тармагы десек болот. Спорттун бул түрү түз эмес, ылдый-өйдө болгон жерлер менен чуркоону талап кылат. Көпчүлүк адамдар мектеп курагынан баштап эле кросско чуркоону адат кылып башташат. Өз учурунда бул аракети чоң спортко аралашуусуна түрткү болот. Бир учурда кросс Олимпиядалык оюндардын катарына кирээр эле. Ал эми Кыргызстанда кросско чуркоо боюнча турнирлер 1957-жылдан бери өткөрүлүп келе жатат.
Акыркы жылдары спортту өнүктүрүү үчүн жакшы аракеттер жумшалып жатканы байкалат. Азыркы тапта борбор шаарыбызда Бишкектин футболдук лигасы өтүүдө. Ага катышууга жардам көрсөтүү өтүнүчү менен шаар мэри Д. Амангельдиевке жаш футболчулар кайрылышкан. Өтүнүчтүн жообу көп кечикпей келип, мэрдин резервдик фондунан футболчу мырзаларга 45 000 сом бөлүнүп берилген. Айтылган суммага команда мүчөлөрү бирдиктүү форма тиктирип жана оюнга катышуу үчүн командалык төгүм төлөшкөндүгүн билдиришти. Көрсөтүлгөн колдоого жооп жана ыраазычылык катары футболчулар биринчиликти утуп келгендигин жаштар иштери, дене тарбия жана спорт бөлүмүнөн кабарлашты. Алардын айтуусу боюнча алдыда дагы бир топ кызыктуу оюндар күтүп турат.
Спортчуларыбызды ийгилик коштоп, келечекте кыргыз элинин желегин желбиреткен алдыңкы спортчулардан болушуна тилектешпиз.

Э. ТОЙМАТОВА.