Спортко жаш курак тоскоол болбойт

Менин Шаарым / Мой Город

Токмок шаардык балдар жана өспүрүмдөр адистештирилген олимпиадалык резервдик спорттук мектебинде оор атлетика боюнча республика биринчилиги өтүүдө. Аталган иш-чарага катышуу үчүн баардык региондордон 30 жаштан 70 жаш куракка чейинки 50 гө жакын спортчу келишкен.

Спорттук иш-чаранын биринчи күнүндө 50 жаштан 70 жашка чейинки мырзалар күч сынашып, мыкты жетишкендиктерди көрсөтө алышты. Өтүп жаткан мелдеш 16-июнга чейин уланмакчы, андыктан чемпиондорду кийинки чыгарылышта кабарлайбыз.

Э. ТОЙМАТОВА.