Спорткомплекс ачылды

Менин Шаарым / Мой Город

Жакында коомчулукка белгилүү Балдар жана үй-бүлөлөр үчүн Тайвань фонду тарабынан каржыланган спорт комлексинин ачылыш аземи болду. Аталган фонд Кыргызстандын аймагында 10 жылдан бери кайрымдуулук иштерди жасоо менен, аз камсыз кылынган, жардамга муктаж үй-бүлөлөргө талыкпай жардамын көрсөтүп келет. Фонддун директору Лай Сзу-То мырзанын айтымында, Спорт комплекстин курулуш иштери 2019-жылы башталган. Ал Тайвань фондунун эң ири долбоорунун бири. Максаты-дени сак жашоону жайылтуу, балдарды тартипке чакыруу, көчөдөгү футболду спортзалга көчүрүү болуп саналат.
Спорт комплекс эки кабаттан турат. Биринчи кабатында кийинүүчү-чечинүүчү, эс алуу бөлмөлөрү менен бирге жуунучу жайлары жана заманбап чакан сауна жайгашкан. Имараттын ичинде ошондой эле 35 адамга ылайыктуу конференц залы ижарага берилет.
Спорткомплекс башка спорттук залдардан анда фитнес менен машыгуу үчүн заманбап тренажерлордун камсыз болушу менен айырмаланат. Алар эл аралык стандарттарга ылайык келген, жогорку сапаттагы материалдардан жасалган. Фитнес зал кондиционерлер жана желдетүүчү жабдуулар менен камсыздалган. Анда тажрыйбалуу, атайын окуудан өткөн инструкторлор фитнес боюнча машыктырууларды өткөрүшөт.Учурда фитнес менен 150 жаран машыгып жатышат. Абонементтин баасы 1500 сомду түзөт. Бул каражат жарандарга бир айда 12 машыгууга мүмкүндүк берет.
Машыгууга балдар менен келген ата-энелерге ыңгайлуу шарттар түзүлгөн. Аларга ар кандай оюнчуктар менен бирге сыналгы коюлган атайын балдар бөлмөсү ачылган. Ал эми спорт комплекстин экинчи кабатында чоң спорт зал жайгашкан. Анда футбол, воллейбол жана баскетбол боюнча машыгуулар менен бирге мелдештер өткөрүлүп турат. Бул спорттун оюнчулары үчүн өзүнчө жуунучу жана кийинип-чечинүүчү бөлмөлөрү каралган. Бул тууралуу спорт комплекстин менеджери Оксана Полякова билдирди.
Белгилей кетсек, Тайван фонддун мүчөлөрү үчүн спорттук машыгуулар акысыз. Ал эми жалпы жарандар акы төлөп, машыгышат.
Белгилүү болгондой, Тайвань фондунун дүйнө жүзүндөгү бир нече өлкөсүндө кеңселери жайгашкан. Фонддун жасаган кайрымдуу иш-аракеттери жакырчылыкты жоюуга, калктын жашоо – турмушун жакшыртууга, билимдерин өркүндөтүүгө, дени сак жашоону жайылтууга, элдердин ортосундагы бекем достукту чыңдоого багытталган.

Б. Байдылдаева.


Данная статья является интеллектуальной и авторской собственностью МУ «Менин шаарым Токмок – Мой город Токмок».
Перепечатка материала с сайта невозможна без письменного разрешения редакции. Наша почта: moi_gorod-2006@mail.ru