Студенттик азем кече

Менин Шаарым / Мой Город

Токмок индустриялдык-педагогикалык колледжинин студенттери тарабынан уюштурулган салтанаттуу «Студенттердин азем кечеси» 24-октябрь күнү Н. Байтемиров атындагы маданият ордосунда болуп өттү. Мындай майрамдык кечени жыл сайын өткөрүү бул окуу жайында салтка айланган.

Кечээ эле мектеп партасында отурган жаш улан — кыздар бүгүн минтип “студент”- деген наам алгандарына кубанычтары койнуна батпай турган чактары. Майрамдык маанай тартуулаган бул кече 1 курстун студенттери үчүн алардын эсинде сакталган, маанилүү окуялардын бири болуп калды.
Аземдин башталышында колледждин мүдүрү Орозбек Карышкырбаевге сөз берилип, ал кесип ээлеринин окуусуна ийгилик каалап, келечекте мыкты адис болуп чыгышарына терең ишенерин айтты. Андан соң, окуу методикалык тарбия иштери боюнча мүдүрдүн орун басары Салтанат Керимова менен биргеликте биринчи курстун студенттерине жылдан жылга эстеликке берилип келе жаткан билим ачкычынын жана зачеттук китепченин макетин салтанаттуу тапшырышты. Алардын жаңы студенттик статуска ээ болушу менен куттуктап, коомдун мыкты атуулу, иш билги адис болуу үчүн ар бир адамдан көп аракет жумшалышы керек экендигин баса белгилешти. Ал эми студенттер да өз кезегинде билимин жана тажырыйбаларын өлкөбүздүн келечеги үчүн арноого ант беришти.
Билим ачкычын колго алган студенттер өздөрүн толук кандуу студенттердин катарына кошуп, жакшы маанайда концерттик программасын тартуулашты. Бул иш-чарага ТИПКнын окутуучулары толугу менен катышып, студенттердин кубанычына ортоктош болушту. Биринчи курстун класс жетекчилерине окуучулары тарабынан кучак толо гүлдестелер тапшырылды. Мындан сырткары, ар бир коюлган концерттик программадан кийин, мугалимдерди сахнага чыгарып сөз сүйлөтүп, ар бирине белек тартууланып жатты.

Колледжде билим алып жаткан студенттер тандаган кесиптери тууралуу баянын көрүүчүлөргө сахналаштырып, кызыктуу, жеткиликтүү кылып бере алышты. Мисалга алсак, мектепке чейинки даярдык жана башталгыч класстардын мугалимдери наристелердин жан дүйнөсүн канчалык деңгээлде түшүнүп, колдой аларын мыкты көрсөтүштү. Ал эми дизайн жана тигүү кесип ээлери күнүмдүк жашоодо пайдаланып жүргөн гезит, этилен, таштанды салуучу баштыгы жана башка тигүүгө колдонсо болоору ойго келбеген материалдардан жасалган кийимдер көргөзмөсүн уюштурушту. Курулушчулар тамашага сала азыркы салынып жаткан курулуштун сапатын чагылдырышса, тилчилер мукам үндүү ыр менен обон созуп, ыр ырдап беришти.Белгилей кетсек, быйыл кесип ээси болуу үчүн колледж босогосун 260 студент аттады.
Старосталар үчүн суроо-жооп уюштурулуп, билим деңгээли жана ой жүгүртүүсү үчүн интеллектуалдык суроолор берилди. Жеңүүчү деп аныктабастан, катышуучуларга белектер тапшырылды. Кеченин соңунда сатылган билеттер аркылуу, лоторея ойнотулуп, окуу жаатына керектелүүчү буюмдар менен сыйланышты. Ошондой эле, Ы. Абдыканова, Ж. Сыдыкова, Н. Сыдыгалиева, Н. Асаналиева, Н. Буржуевалардан турган уюштуруу тобуна да терең ыраазычылыктар айтылды.

Э. ТОЙМАТОВА.