Студенттикке кабыл алынышты

Менин Шаарым / Мой Город

17-ноябрь – эл аралык студенттердин күнү катары жылда белгиленип келет. Бул күн 1946-жылы 17-ноябрда Чехословакиянын борбору Прага шаарында Студенттердин дүйнөлүк Конгрессинде бекитилген. Учурда Чехияда бул күн мамлекеттик майрам катары белгиленет. Ал эми башка мамлекеттерде, анын ичинде Кыргызстанда бул күн расмий майрам болуп саналбаса да, 1990-жылдардан бери студенттер арасында кабылданып, белгиленип келет.
Бул күнгө карата шаарыбыздагы индустриалдык-педагогикалык техникумда чоң майрамдык салтанат болуп өттү. Студенттерди окуу жайдын директору Орозбек Карышкырбаев куттуктап, аларга чын ден-соолук, окууда ийгилик каалап, чыгармачылыктары өркүндөй беришин тиледи.
Маданий иш-чарага аталган окуу жайдын бардык факультетинин студенттери жигердүү катышышып, мыкты дарядыктарын көрсөтүштү.
Элибизде “Ар бир кесип ардактуу” деп айтылгандай, Индустриалдык – педагогикалык техникумда “Айыл чарбасын механизациялаштыруу”, “Имараттарды куруу жана эксплуатациялоо”, “Тарбиялоо ишмердигин уюштуруу” жана башка факультеттерде программисттерди, архитекторлорду, дизайнерлерди даярдап чыгарышат. Адистигине байланыштуу ар бир факультеттин окуучу-студенттери эмне себептен ушул кесипти тандагандыгын чагылдырып, көрүүчүлөргө ыр-бийлердин коштоосунда түшүндүрүп, жеткире алышты. Аны менен музыкалык программаны уюштурган тарбия иштери боюнча директордун орун басары Ырыс Абдыкановага, класс жетекчилери Максат Сыдыковага, Назгуль Буржуевага, Жылдыз Мусуркуловага, Нурзада Асаналиевага, жалпы мугалимдер жамаатына жана аземдин катышуучуларына жакшы маанай тартуулашты.
Ошол эле күнү техникумда анын окуучуларын студенттикке кабыл алуу аземи кошо белгиленди. Аларга студенттик билеттер менен бирге зачеттук китепчелер жана атайын белектер тапшырылды.

Б. Байдылдаева.


Данная статья является интеллектуальной и авторской собственностью МУ «Менин шаарым Токмок – Мой город Токмок».
Перепечатка материала с сайта невозможна без письменного разрешения редакции. Наша почта: moi_gorod-2006@mail.ru
Более подробно ознакомиться с публикациями вы сможете на страницах газеты.