Сууга чөгүүдөн сактаныңыз

Менин Шаарым / Мой Город

Жай мезгили – эс алуу үчүн эң сонун учур. Өзүнүз үчүн, ден соолугунуз үчүн сууга түшүү жакшы маанай тартуулайт, андыктан жакшы сүзүүнү өздөштүрүп, сууда жүрүү эрежелерин жетишээрлик билишиңиз керек.
Сууда узак убакыт бою жүрүүгө болбойт, суук тийип калышы мүмкүн. Эгер сиз үшүп, денеңиздин калчылдаганын сезген болсонуз, дароо суудан чыгып, жээкти бойлой кыска бирок, ылдам чурканыз. Тамактанган соң 1,5 сааттан кийин сууга түшүү сунуш кылынат.
Балдарды 10дон ашпаган группада, 10 минуттан түшүрүп, суудан чыккан сон линейкага тургузуп, бирден жоктоп чыгуу күзөтчү-тарбиячынын милдети.
Кырсыкты болтурбоо үчүн, балдарга сууда өзүн алып жүрүү эрежелерин жана оор кырдаалдарда эмне кылуу керек экендигин түшүндүрүү керек. Эсиниздерде болсун: сууга уруксаат кылынган жайда гана чоңдордун көзөмөлүндө түшүү керек; тааныш эмес, балыры көп, алыс жерлерге чейин барууга тыюу салынат; кайыктын, катамарандын артынан кубалап, асылууга, жабышууга болбойт; күн бүркөктө же катуу шамал башталганда сууга түшүүгө болбойт; үйлөмө матрацтарда, жаздыкчаларда, дөңгөлөктүн камерасында сүзүүгө болбойт, ал жарылып кетсе, адам кокусунан терең жерге түшүп кетет, бул сүзгөндү жакшы билгендер үчүн да коркунучтуу; көпүрөлөрдөн, тосмолордон, кайыктан жана катерлерден сууга секирүүгө болбойт.
Ысык уруу. Организмди ысык уруу көп убакытка чейин суу, кеп жээктеринде, кайыктын бортунда, катерде күндөн калкаланбай жүрүүнүн натыйжасында болот. Ушундан улам дененин нормалдуу температурасы бузулуп, баш тегеренүү, көңүл айнуу, куску келүү байкалып адамдын жалпы абалы начарлап, тез-тез дем алып температура +40,+41 градуска чейин көтөрүлөт. Мындай абал кээ бир убакта эсин жоготуу менен коштолот.
Жабырлануучунун кийимин женилдетип, эркин дем алуусуна шарт түзүп, бетине жана төшүнө муздак компресс коюу керек,
Сууга түшүүдөгү тарамыш түйүлүү, карышуу. Мындай абал сууда түшүп жатканда гана эмес, башка убактарда деле туура эмес, кескин кыймыл жасоолордо байкалат.
Эгер сууга түшүп жатканда тарамыш түйүлүү кармаса, коркпостон терең дем алып, башты сууга чумкутуп, денени бош таштап, суу үстүндө калкуу керек. Андан сон, сүзүүнүн кыймылын өзгөртүп, бутка күч келтирбөй кол менен иштөө керек.
Сууга чөгө баштаганда өзүн жоготпой, акырын шашпай, тынчтыкты кармоо менен өзүн-өзү сактап калууга мүмкүн. Кескин кыймыл жасабоо керек, анткени суу оозго, өпкөгө тез толуп, буттун тарамыштары түйүлүп калат. Терең дем алып, абаны өпкөдө 30 секунддай кармоого аракет кылса натыйжалуу болот.
Биринчи жардам көрсөтүү. Жабырлануучу суудан чыккандан кийин анын абалын баамдайбыз. Эгер жабыркаган адам ан-сезими менен болсо, анда аны кургагыча сүртүп, жылуу имаратка киргизип, ысык чай, кофе берүү сунуш кылынат. Эгер сууга чөккөн адам бир нече убакыттан кийин чыгарып, ошондой эле деми кысылып (асфиксия), клиникалык өлүм абалында болсо дароо дарыгерди чакыруу керек. Убакытты жоготпостон, дарыгер келгенге чейин дароо биринчи жардам көрсөтүүгө киришүү керек. Жабырлануучуну чечиндирип, оозу — мурдундагы массаны, кумду тазалап, жаактарынын арасына таякча (жыгачтын бөлүгү же бекем оролгон бет аарчы ж.б.) коюп, өпкөгө жасалма дем алдыруу баштоо керек. Жабыркаган адамды көмкөрөсүнөн куткаруучунун астына коюп, тез-тез силкүү менен көкүрөгүнөн басып (10-15 секунд аралыгында), андан кийин аны чалкасынын жаткыруу керек. Эгер, жабыркаган адамдын тиштери карышып калган болсо, оозун ачуу үчүн төмөндөгү ыкмаларды колдонуу керек: колдордун жардамы менен, астынкы жаакка колду коюп ачуу; санитардык сумкадагы кеңейткичтин, же болбосо кандайдыр бир жалпак катуу нерсени (кашык, таякча ж.б.) жардамы менен.
Жабыркаган адамды куткаруу станциясына жеткиргенден кийин дагы, реанимация иш-аракеттерин улантуу кажет. Жасалма дем алдырууну убактысынан мурда токтотуп коюу каталыгы да көп кездешет. Жабыркаган адамдын убактылуу дем алуу кыймылдарынын калыбына келиши, анын өпкөсүнүн иштеши толугу менен калыбына келди дегенди түшүндүрбөйт. Ошондуктан, жабыркаган адамдын сезими жок болот же өпкөсү жабыркайт. Мындай учурда дем алуунун ритми мүнөтүнө 40 жолу согуудан аз болсо, жасалма дем алдырууну улантуу зарыл.
Жардамды тез аранын ичинде, үзгүлтүксүз, ырааттуу, тартиби менен көрсөтүү керектигин унутпоо зарыл.
Сууга чөккөн адамдын денесинин жылуулугун тез жоготушу, анын температурасынын дээрлик төмөндөшүнө алып келет. Ошондуктан, жабыркаган адамды муздак жерге жаткырбоо керек. Жыгач досканын же жыгач калкандын үстүнө жаткырып, суу болгон кийимдерин чечиндирип, терисин кургактап сүртүп, жылуу шейшеп же жуурканга ороо керек. Кургактап сүртүүнү улантуу менен бирге ысытуучу каражаттарды да, (уксус, нашатырь спирти) колдонсо болот. Асфиксия учурунда куткаруучунун кыймыл-аракеттери өзгөчө жигердүү болууга тийиш.
Организмдеги кандын туура эмес айлануусуна шарт түзбөө үчүн, жабыркаган адамды грелка же жылуу бөтөлкө менен жылытууга болбойт.
Бардык куткаруучу жабдуулар эл көп түшкөн аймактагы щитте жайгашышы керек.
Кокус кырсык болуп жаныныздагы адам сууга чөгүп кетсе, аны алып чыккандан кийин 6 мүнөттүн ичинде өмүрүн сактап калса болот.
Жай мезгилинде жагымдуу эс алып, бөөдө кырсыктардан сак болунуздар!

Токмок шаардык өзгөчө кырдаалдар бөлүмү.