Суугат суусунун жолдору

Менин Шаарым / Мой Город

Быйылкы жылдын жай мезгили өтө ысык болгонун жазбасак да баарына белгилүү. Күндүн ысыгынан жана суунун жетишпегендигинен жай мезгили бүтө элек жатып, бак-дарактардын саргайып кетиши жагымсыз көрүнүш. Мисалга алсак, Амбулатордук көчөсүндө жайгашкан теректүү токой. Шаардын ар кайсы аймактарындагы бактардын саны күндөн-күнгө азайып бараткансыйт. Куураган же кыйылган дарактардын ордуна жаңысын отургузуу аны өстүрүү акыркы учурда өзүнчө бир көйгөй.
Жогорудагы жаралган жагдайдан чыгуучу жол — суу кеткен арыктарды тазалоо, калыбына келтирүү. Мындай көз карашты тиешелүү кызмат жетекчилери, шаар калкы, аймактык өз алдынча башкаруунун (ТОС) төрагалары жана кварталдык комитеттер менен болгон жолугушууларда шаар мэри Данияр Амангельдиев да колдоорун айтып да, иштин аткарылышын талап кылып да келет.
Бүгүнкү күндө канчалык деңгээлде койгон талаптар аткарылып жаткандыгына көз чаптырууну туура көрдүк. Үстүбүздөгү жылдын 24-июнь күнү Казахстан көчөсүндө чоң жана кубанычтуу жаңылык болду. Анткени, 2002-жылдан бери суу жүрө элек арык аркылуу, суу кое берилгенине күбө болуп кайтканбыз. Аталган көчөнүн жашоочуларынын кубанычында чек жок. Бул аймактын төрагасы Х. Хузнахметовдун айтуусу боюнча КИК (ККП) эксковатордун жардамы менен арыктарды калыбына келтирүүгө болгону төрт күн кеткен.
Азыркы тапта Пушкин көчөсүн бойлой кеткен суу жаңы конуштан баштап базарга чейин тоскоолсуз агууда. Андыктан, №23 кесиптик лицейдин жатаканасынын жанындагы көчөттөр үчүн кабатырланбасак болчудай.
Пушкин көчөсүндөгү сууну Дунларов, Фучик, Өзбек көчөлөрүнө бурулуп, ал жактын жашоочуларын кубантууда. Х. Хузнахметов шаардын түндүк бөлүгүн суугат суусу менен бир нече күндө жана көп чыгымсыз камсыз кылса болоорун айтып өттү.
Ал эми июль айынын аягында Гагарин көчөсүнөн Парк көчөсүнө чейинки аралыктагы ирригациялык тутумдарды тазалоо иштери башталган. Келишим боюнча “Технотоп” ЖЧКсы кырк күн аралыгында көчө бойлогон арыктарды тазалап, казып, лотокторду орнотуусу керек эле. Тазалоо иштери Парк көчөсүнөн башталган. Коюлган лотоктор аркылуу суу кое берилип, көңүл жылытаарлык жыйынтык көрсөтө алды.
2005-жылы жаңы конуштардагы арыктарды казуу үчүн көптөгөн күч жана каражат талап кылынган. Парковая көчөсү аркылуу суу түтүктөрүн жайгаштырса, шаарга кетчү суунун шар аккан жерине түндүктөн түштүккө карай бетондолуп, дарбаза (шлюз) орнотулган.
Бирок, мындай жагымдуу көрүнүш шаарыбыздын башка аймактарында да болуп жатат дегенден алыспыз. Себеби, гезитибиздин №33 санына үчүнчү кичи райондун №17 үйүнүн жашоочуларынын кайрылуусу жарыяланган эле. Ал билдирүүдө: ушул жылдын жаз айларынан бери арыктын нугунун жоктугуна байланыштуу, суугат суусу жайылып, аталган үйдүн короосун каптап жатканы айтылат. Тургундар үйдүн тушундагы бетондолгон арыктарды тазалоодон эч жыйынтык чыкпагандыгын, анткени, ал жерди техника менен гана тазалоо мүмкүн экендигин кабарлашкан. Бул боюнча атайын турак жай жана коммуналдык бөлүмгө кайрылуусунан эч кандай жыйынтык чыккан эмес.
Жайылган суу көп убакыттан бери тургандыктан, саздак жерге айланып, камыштар өсүп чыкканын көрүүгө болот. “Балким, сиздердин гезит аркылуу көйгөйүбүз чечилип калат деген үмүттөбүз”- деп аяктайт билдирүү.
Арыктарды тазалап, калыбына келтирүүдө башка кварталдар да №7 аймактык өз алдынча башкаруудан үлгү алып, шаарды көрктөндүрүүгө салымдарын кошот деген ишеничтебиз.

Э. ТОЙМАТОВА.