Тарыхыбызды биле жүрөлү

Менин Шаарым / Мой Город

Кыргызстанда 7-8-ноябрь күндөрү “Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнү” катары быйыл төртүнчү жолу расмий майрамдалууда. Анын негизинде кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн түптөлүшүндөгү мааниси зор болгон үч тарыхый окуяга басым жасалган. Бул күндөрү 1916-жылдагы окуя, 1917-жылдагы Октябрь революциясы жана репрессияга кабылган кыргыздын чыгаан уулдары эскерилет.
Токмок индустриялык-педагогикалык колледжинде Ж. Абдрахманов,Т. Айтматов, К. Тыныстанов, И. Арабаевдин чыгаан иштерин эскерип, И. Айдарбеков, Б. Исакеев, А. Сыдыков өңдүү туңгуч интеллигенциябыздын өкүлдөрү бүгүнкү мамлекетибизди түптөп кеткенин унутта калтырбоо максатында, саясий репрессиянын курмандыктарын эскерүү үчүн тегерек стол уюштурулду.
Конференцияга тарых сабагынын мугалимдери: Ж. Сыдыкова, А. Айболотова, К. Кутуева, директордун тарбия иштери боюнча орун басары Ы. Абдыканова жана окуу жайдын студенттери А. Эдилбекова, Ж. Идинбекова, А. Жумагулова, Р. Эдилбекова, Р. Ушувазова, С. Абдыгулова, А. Исманова, У. Ишебаевалар катышты.
Иш-чара Жылдыз Сыдыкованын кириш сөзүнөн башталып, студенттерге репрессия жөнүндө маалымат берилип, өлкө тарыхындагы эң маанилүү жана кайгылуу мезгилдери эскерилди.
Репрессияга туш болгондор көргөн азап-тозокту алардын туугандары жана жакындары кошо тартышкан. Нечен күнөөсүз адамдарга “эл душманы” жана “эл душманынын куйруктары” деген жарлык тагылган.
1937-жылы сталиндик репрессиянын курмандыгы болуп атылып кеткен 137 адамдын сөөгү Чоң-Таш деген жерден 1991-жылы 70 жылдан кийин казылып алынып, кайра чоң салтанат менен көмүлгөн. Бул жерде бейкүнөө атылып, кийин кайра акталган кыргыздын залкар мамлекеттик жана маданият ишмерлери Төрөкул Айтматовдун, Жусуп Абдырахмановдун, Касым Тыныстановдун, Баялы Исакеевдин жана башка даанышмандардын сөөктөрү жатат. Репрессия курмандыктары түбөлүк жай алган жер Чыңгыз Айтматовдун сунушу менен “Ата-Бейит” деп аталып калган.
Тарых илимдеринин кандидаты Болот Абрахмановдун иликтөөсү боюнча ошол жылдары калкыбыздын 20 миңи репрессияга туш болгон экен. Бул майрам ошол сыяктуу трагедиялуу окуялардын кайталанбашы үчүн, урпактарыбыз ата-бабаларыбыздын тарыхын таанып-билиши, андан жаштар сабак алуулары керек.
Ар бир эл, анын ичинде биз, кыргызстандыктар, өз тарыхыбызды билүүгө жана ошол тарыхты жараткан ата-бабаларыбыздын даңктуу жолун эскере жүрүүгө тийишпиз. Жөн гана эскерип тим болбостон, ошол өткөн тарыхыбызды ар тараптуу изилдөөгө жана ашырбай да, кемитпей да баасын берүүбүз абзел.

Э. ТОЙМАТОВА.


Данная статья является интеллектуальной и авторской собственностью МУ «Менин шаарым Токмок – Мой город Токмок».
Перепечатка материала с сайта невозможна без письменного разрешения редакции. Наша почта: moi_gorod-2006@mail.ru