Таштандыга төлөдүңбү

Менин Шаарым / Мой Город

Ата-бабаларыбыз илгери боз үйдө жашап, көчүп-конгон турмушта да конушун тазалап кетчү. А биздин айрым шаар тургундары цивилизациялуу заманда жашап туруп, тазалык – ден-соолуктун булагы экенин билсе да, таштандыга бир нече жылдап акча төлөбөй жүргөндөрү бар. Эгерде, электр энергиясына акча төлөбөсөң, жарыгы жок каласың. Сууга же газга акча төлөбөсөң, суусу, газы жок каласың. Ал эми, “таштандыга акча төлөбөсөң боло берет”- деген түшүнүктөрүнө таң калбай койбойсуң.
Коммуналдык ишканалар комбинатынын (КИК) абоненттик бөлүм башчысы Адильхан Абдыбалиевдин берген маалыматы боюнча абоненттердин ишканага болгон карызы азыркы учурда 7 млн. 800 миң сомду түзгөн. Аталган сумма эмне деген акча?! Чогултулган каражат кайрадан эле мамлекетке, шаар көркүнө жумшаларын шаар тургундарына маалым эмеспи? Таштанды үчүн болгону ар бир адамга он тогуз сомдон төлөнөт. Мисалы, бир үйдө төрт адам жашаса, бир айга жетимиш алты гана сом болот. Ошондуктан, ар бир адам өз тазалыгы үчүн он тогуз сомду көп көрбөй төлөп турса, мамлекет үчүн да, өзүбүз үчүн да мойнубузга карыз үйбөй жакшы болот эле.
Таштанды акысын төлөбөгөн тургундарга КИК алгач эскертүү катын жөнөтөт. Карыз беш жүз сомдон ашкандан кийин мекеме карыз маселесин сот аркылуу чечет. Учурда бул маселе боюнча жыл башынан бери 400дөн ашуун шаар тургундарынын иши сотто каралууда.
Шаардын көркү бузулбасын, башка мамлекеттен келген конокторго жаман таасир калтырбайлы деген коммуналдык ишканалар комбинатынын кызматкерлери “сен акчасын төлөгөн эмессиң”- деп таштап кетпестен, шаарыбыздын тазалыгы, кооздугу үчүн таштандыларды тазалоо менен убара.
Жума сайын ар бир аймакты кыдыруу менен карыз төлөбөгөн шаар тургундарына түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп турарын жана мурдагыга салыштырмалуу акыркы жылдарда мындай аракеттер жакшы жыйынтык берип жатканын А. Абдыбалиев айтып өттү.
Мындан сырткары, аталган ишкананын түйшөлткөн маселе, бул – калктуу аймактарга, көчөлөргө таштандылардын мыйзамсыз чогулуусу. Аталган көйгөйдү чечүү үчүн акыр-чикир көп чогулган, ташталган жерлерге камералар орнотулуп, өз ишин баштады. Камерага түшүрүлгөн видеолордун негизинде мыйзам бузган тургундарга айып пул салынып баштайт.
Кыргыз Республикасынын бузуулар жөнүндө кодексине ылайык калктуу конуштагы менчик объектисине жанаша жаткан аймакты абатташтыруу эрежелерин бузуу же ошол аймакта тазалыкты жана тартипти камсыз кылуу эрежелерин сактабагандыгы үчүн 2-категориядагы айып пул: жеке адамдар үчүн – 30 эсептик көрсөткүч б.а. 3000 сом, юридикалык жактар үчүн – 130 эсептик көрсөткүч 13000 сом; белгиленбеген жерлерге турмуш-тиричилик таштандыларын жана буюмдарын таштоо, өрттөө үчүн 3-категориядагы айып пул: жеке адамдар үчүн — 55 эсептик көрсөткүч б. а. 5500сом, юридикалык жактар үчүн – 170 эсептик көрсөткүч 17000 сом; ал эми белгиленбеген жерлерге өндүрүштүк таштандылары жана буюмдарды таштап, өрттөп, ошондой эле жалбырактарды өрттөгөндүгү үчүн 4-категориядагы айып пул: жеке адамдар үчүн – 75 эсептик көрсөткүч б.а. 7500 сом, ал эми юридикалык жатар үчүн – 230 эсептик көрсөткүч же башкача айтканда 23000 сом айып салынат.
Андыктан, урматтуу окурман таштанды ташуучу автоунааны жана кызматкерлердин келүүчү күнүн күтпөстөн, таштандыны мыйзамсыз жол менен “көчө жээгине же белгилүү бир аймакка таштап коем” – деген ойдон кайтканыңыз туура болот. Биринчиден шаар көркү үчүн, экинчиден өз капчыгыңыз үчүн, үчүнчүдөн жөн гана уят!
Дагы бир айта кетчү жагдай, жер үйлөрдүн короосуна аң казып, таштанды таштоого уруксат берилбейт. Мындай абалда ар кандай жугуштуу илдеттер пайда болбойт деп айтуу кыйын. Ал үчүн санитардык кызматтардан уруксат кагаз алуу керек болот жана мындай кырдаалда эко-техинспекциясы тиешелүү чараларды колдонушат. Демек, таштандыдан арылуунун эң оңой жана арзан жолу өз учурунда он тогуз сомдон төлөө жана белгиленген күнү КИК кызматкерлерине өткөрүп берүү.
Шаарыбыздын акыр-чикирге толуп, кароосуз калган шаардай абалда болушун каалабасаңыздар, тазалыкты туу туталы!

Э. ТОЙМАТОВА.