Тил тарыхы – эл тагдыры

Менин Шаарым / Мой Город

Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тил күнүн 23-сентябрь күнү белгилейт эмеспизби. Мындан 30 жыл мурун, тактап айтканда, 1989-жылы 23-сентябрда КР Жогорку Кеңеши тарабынан “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” мыйзам кабыл алынып, андан соң кыргыз тилине мамлекеттик тил макамы берилген.
Ушул улуу күндү утурлай 24-апрель күнү Чүй райондук балдар жана өспүрүмдөр борборунда Чүй-Токмок билим берүү бөлүмү тарабынан уюштурулган “Тил тарыхы – эл тарыхы” аталыштагы иш-чара болуп өттү. Салтанаттуу кече ачык деп жарыяланган соң, Токмок шаарынын мэриясынын мамлекеттик тил боюнча жетектөөчү адиси Арзыкан Джумагулова шаар мэри Данияр Амангельдиевдин куттуктоо сөзүн окуп берүү менен бирге, кыргыз тилибиздин өсүп-өнүгүүсү мамлекеттен, эл башчылардан гана эмес, ар бир кыргыз атуулдарынан да көз каранды экендигин баса белгилеп өттү. Андан соң Чүй-Токмок билим берүү бөлүмүнүн башчысы Айткүл Кибираевага, “Таза Токмок” коомдук бирикмесинин төрайымы Алтын Сулеймановага жана Токмок шаарынын “Ынтымак үйүнүн” мүдүрү Хасан Хузнахметовго сөз кезеги берилди.

240419 Эл 002
240419 Эл 004
240419 Эл 003
240419 Эл 001
240419 Эл 031
240419 Эл 020
240419 Эл 022
240419 Эл 041
240419 Эл 035
240419 Эл 013
240419 Эл 033
240419 Эл 008
240419 Эл 005
240419 Эл 056
240419 Эл 050
240419 Эл 047
240419 Эл 044
240419 Эл 075

Куттуктоо сөздөрдөн кийин Чүй-Токмоктун мектепке чейинки билим берүү мекемесинин тарбиялануучулары, орто мектептердин окуучулары жана мугалимдеринин катышуусундагы концерттик программага кезек келип жетти. Кечени мугалимдердин аткаруусундагы КР гимни жана мамлекеттик тил гимни ачып берди. Кыргыз тилинин өсүп-өнүгүүсүнө салым кошууда тынымсыз эмгектенип келе жаткан мугалимдер, билим берүүнүн мыктылары тууралуу слайд даярдалып, алардын үзүрлүү эмгектери тууралуу маалымат берилди.
Башканы коюп, Манасты айт демекчи, жаш манасчылар, кыргыз аспаптарында кол ойноткон улан кыздар, ак куудай ийилген кыздардын кыргыз бийлери, мугалимдердин тил тууралуу айтышкан акыйнектери мыкты деңгээлде аткарылды. Мындан сырткары, Токмок шаарынын №7 орто мектебинин мугалими Олеся Минниахмедованын жана №11 мектеп-лицейинин тарых мугалими Татьяна Гомандын кыргыз тилинде ыр аткаруулары тынымсыз кол чабууларга арзыды.
Өзгөчө, И. Үкүев атындагы орто мектебинин кыргыз тили жана адабияты мугалими, Кыргыз Республикасынын “Билим берүү мыктысы” Чынара Шабданованын өзүнүн калемине таандык “Сөз тууралуу сага” аталыштагы чыгармасы өтө чеберчилик менен аткарылганын жана мазмунунун өтө терең экендигин баса белгилей кетүү керек.
Аталаган борбордун кире беришинде ар бир орто мектептин жамааты тарабынан кыргыз тилине арналган көргөзмө уюштурулган экен. Бул кече “КР мамлекеттик тили жөнүндө” мыйзамынын кабыл алынгандыгынын 30 жылдыгына арналган алгачкы иш-чара болду. Демек, бизди алдыда көптөгөн кызыктуу салтанаттуу кече, иш-чаралар күтүүдө.

Э. ТОЙМАТОВА.