Тогуз айдын жыйынтыгы чыгарылды

Менин Шаарым / Мой Город

2018-жылдын 23-октябрында мэриянын жыйындар залында шаардын мэри Данияр Амангельдиевдин төрагалыгы алдында коллегия жыйыны болуп өттү. Жалпысынан коллегияда төрт маселе каралды. Алардын бири Токмок шаарынын 2018- жылдын 9 айынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктары жана алдыдагы мезгилге карата милдеттери жөнүндө биринчи вице-мэр Кадырбек Чотбаев тааныштырып өттү.

Өнөр жай.     2018-жылдын 9 айынын жыйынтыгы боюнча өнөр жай өндүрүшүнүн көлөмү шаар боюнча 3847,9млн. сомду түзүп, 2017-жылдын ушул мезгилине карата көрсөткүч 342,3 млн. сомго азыраак болуп, номиналдуу өсүү ыргагы 91,8 % түзгөн.

Өнөр жай өндүрүшүнүн көлөмүнүн өсүү ыргагын өткөн жылдын ушул эле мезгилине салыштырмалуу «Элит-Гласс» жоопкерчилиги чектелген коому 180,2%, «Железобетон” ачык акционердик коому 125,1%,“Заман” жоопкерчилиги чектелген коому 112,7 % аткарышкан.

Ошону менен бирге 3 ишкана көрсөткүчтөрүн бир аз жеткире алган жок.

Курулуш. 2018-жылдын 9 айынын жыйынтыгы боюнча шаар боюнча капиталдык салымдардын көлөмү 639,5 млн. сомду түзгөн, былтыркы мезгилге салыштырмалуу 687,0 млн. сомдон  47,5 млн. сомго азыраак болуп, 93,0 % түзгөн. 

Отчеттук мезгил аралыгында жалпы аянты 8,3 миң чарчы метрлик 61 жеке турак-жай пайдаланууга берилген.Өткөн жылы бул көрсөткүч 7,0 миң чарчы метрлик 67 жеке турак-жай болуп, мындагы өсүү ыргагы 118,5 % түзгөн.

Ошондой эле “Бюджеттик чөйрөдөгү кызматкерлер үчүн тез тургузулуучу каркастык жеке турак үйлөрдү куруу” долбоорун ишке ашыруу үчүн Парковая көчөсүндө 36 батирлүу 9 турак үй курулган. 2 турак үй куруулуда, калган 3 үй боюнча каржы маселеси чечилди.

Унаа. Шаардын унаа уюмдары жана жеке ишкерлер тарабынан 2018-жылдын 9 айынын жыйынтыгы боюнча 586,6 миң тонна жүк ташылган (2017-жылы – 582,5 миң тонна), же 100,7 % аткарылган.Жүк айлануу 11,7 млн.тн/км (2017-жылы–11,6 млн. тн/км) же 100,7 % түздү.

Жүргүнчүлөрдү ташуу 93,7 млн. жүрг./км, (2017-жылы-93,3 млн. жүрг./км), же 100,4 % түздү.

Байланыш. Шаардын байланышчылары тарабынан 2018-жылдын 9 айында 26,0 млн. сом тарифтик  кирешелер  алынды (2017-жылы-26,7 млн. сом), өсүү ыргагы 98,% түзгөн. Акы төлөнүүчү кызматтардын көлөмү 20,1 млн. сомду түзүп (2017-жылы-18,5 млн. сом), өсүү ыргагы 108,6 % түзгөн.

Соода жана кызматтар. 2018-жылдын 9 айында чекене товар жүгүртүү  3656,7 млн. сомду  түздү (2017-жылы – 3645,3 млн. сом), өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу өсүү ыргагы 100,2 % түздү. Экономикалык  ишмердиктин түрлөрү  боюнча  акы төлөнүүчү тейлөөлөрдүн  көлөмү  338,6 млн. сомду (2017-жылы – 298,4 млн. сом) түзүп, иш жүзүндө баалардын өсүү ыргагы  113,4 %  түздү.

         Ишкердүүлүк. 2018-жылдын 9 айында чакан жана орто бизнес   субъектилеринин өнөр жай өндүрүшүнүн көлөмү 1332,1 млн. сомду түздү (2017-жылы–1665,0 млн. сом), былтыркы жылдын ушул эле мезгилине салыштырмалуу бул көрсөткүч 332,9 млн. сомго азыраак болгон. Өсүү ыргагы мурунку жылга салыштырмалуу 80,0 % төмөндөгөн.

2018-жылдын 9 айынын ичинде 8792 адамга 953,8 млн. сомго чакан насыялар берилген.

Экспорт-импорт. 2018-жылдын январь-август айында Токмок шаарынын тышкы соода жүгүртүүсү  АКШнын 51,7 млн. долларын түздү, бул өткөн жылдагыдан 0,3 млн. сомго көбүрөөк.  Импорттун көлөмү — АКШнын 28,7 млн. долларын (2017-жылы 30,5 млн.долл.), экспорттун көлөмү АКШнын 23,0 млн. долларын (2017-жылы – 20,9 млн.долл.) түздү.

Жергиликтүү бюджеттин аткарылышы.        2018-жылдын 9 айынын жыйынтыгы боюнча мамлекеттик бюджет 100,0% аткарылды, план боюнча 299,2 млн.сом болсо, иш жүзүндө 299,2 млн.сом чогултулган.

Жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгү атайын каражаттарды эсепке алуу менен 101,3 %  аткарылды, такталган план боюнча 185,9 млн. сом болсо,  иш жүзүндө 188,2 млн. сомду  түздү, же бюджетке 2,3 млн. сом ашыгы менен түшкөн.

Кирешелер жана калкты ишке орноштуруу. Шаардагы орточо эмгек акы 2018-жылдын январь-сентябрь айлары боюнча 13193,5 сомду түздү, мында номиналдык өсүү ыргагы 106,0 % түздү.

2018-жылдын 1-октябрына карата Токмок шаардык Социалдык өнүгүү башкармалыгында жумушсуз 165 адам катталган. Жумушсуздук макамы 152 жаранга берилген. Жумушсуздардын саны 105 адамга кыскарган (2017-жылы-270 адам).

Калкты социалдык коргоо. Токмок шаары боюнча мамлекеттик жөлөк пул алуучулар 1308 адамды түзөт (2017-жылы-1366 адам).

Отчеттук мезгилде жеңилдик алуучу категориядагы  жарандар жана калктын аз камсыз болгон катмары жергиликтүү бюджеттен 1619,2 миң сомго каржыланып, жардамды 2180 адам алган. Бул көрсөткүч өткөн жылдын деңгээлине салыштырмалуу 359 адамга жана 53,9 миң сомго көбүрөөк  болгон (2017-жылы-2539 адам/1673,1 миң сом).

Пенсиялык камсыздоо. 2018-жылдын 9 айынын ичинде пландагы  317,0  млн. сомдун ордуна, 321,2млн. сом суммасында  камсыздандыруу төлөмү чогулду, аткаруу 101,4 % түздү (2017-жылы-300,8 млн. сом).

Шаарда 6629 пенсионерлер жашайт, толук бир айлык пенсия  менен камсыздоо үчүн 37,1 млн. сом талап кылынат.2018-жылдын 9 айында республикалык бюджеттен пенсияларды төлөөгө 292,7 млн. сом (2017-жылы 304,1 млн. сом) каржыланган. Пенсиянын орточо көлөмү 5596 сомду түзөт. Пенсияны төлөп берүү боюнча карыздар жок.

Билим берүү. Токмок шаарында баардыгы 13 орто  мектеп, 6 мектепке чейинки билим берүү уюму, 1 балдар менен өспүрүмдөрдүн чыгармачылык борбору иштейт.  

2018-2019-окуу жылынын башталышында 13 мектепте 15363 окуучуну камтыган 502 класстар комплекттелген. 1-сентябрда 1641 бала мектеп босогосун атташкан. Мектептерде 579 мугалим иштейт. Педагогикалык кадрлар менен 98,1% камсыздалган. Окуучулардын билим сапаты 39,2 % түзөт билимдин сапаты 1,2% өскөн.

Саламаттыкты сактоо. 2018-жылдын 9 айында 6648 адам ооруканага жаткырылган, бул мурунку жылга салыштырмалуу 193 адамга көптүк кылат (2017-жылы-6455), алардын ичинен жеңилдиктери бар адамдардын саны 65,8 % түздү.

2018-жылдын 9 айынын ичинде  оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борбору тарабынан 585 объект текшерилген. Андан тышкары 2081 лабораториялык изилдөө жасалган. Аныкталган мыйзам бузуулар боюнча 159 санитардык көрсөтмөлөр берилип, объектилерди жабууга 12 токтом чыгарылган.  28 ишканага жаза пул салынып, 2 иш укук коргоо органдарына берилген. Медициналык текшерүүдөн өтпөгөндүгү үчүн 68 адамды жумуштан четтетүү чаралары көрүлдү. 59 рейд жүргүзүлгөн.

Маданият. 2018-жылдын 9 айынын жыйынтыгы боюнча шаардын Маданият бөлүмү тарабынан 130 пландаштырылган иш-чаралар өткөрүлдү, анын ичинде 20сы чоң иш-чаралар.

Кыргыз Республикасынын Президентинин “2018-жылды Региондорду өнүктүрүү жылы деп жарыялоо жөнүндө” Жарлыгын ишке ашыруу максатында шаардык китепкана-филиалдарында китеп көргөзмөлөрү, журналдар жана стенддер жасалгаланган. Ч.Айтматовдун 90 жылдыгынын урматына иш-чараларды өткөрүү боюнча атайын План иштелип чыккан.

 Дене тарбия жана спортту өнүктүрүү. Токмок шаарында 80 спорт объектилери бар.

2018-жылдын 9 айынын ичинде Токмок шаарынын Дене тарбия жана спорт бөлүмү тарабынан белгилүү даталарга жана майрамдарга байланышкан 15 спорттук-массалык иш-чаралар өткөрүлдү.

2000 ашык шаардын тургундары спорт секцияларында машыгышат. Шаарда спорттун 21 түрү боюнча ийримдер иштейт. Шаардын спортчулары 20 эл аралык, 11 республикалык, 4 облустук мелдештерге жана турнирлерге катышты, андан тышкары 2 машыгуучу мелдештер өткөрүлгөн.

Муниципалдык менчик башкармалыгы. 2018-жылдын 9 айында Токмок шаардык Муниципалдык менчик башкармалыгынын киреше бөлүгү 102,4 % аткарылды же бекитилген пландагы 6553,0 миң сомдун ордуна иш жүзүндө 6711,0 миң сом түшүп, бул өткөн жылдын деңгээлине салыштырмалуу 663,2 миң. сомго көбүрөөк болгон (2017-жылы-6047,8миң. сом).

Жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүнүн муниципалдык жайларды, имараттарды жана курулмаларды ижарага берүү боюнча бөлүгү 90,0 % аткарылды, пландагы 1277,7 миң сомдун ордуна иш жүзүндө 1151,8 миң сом түштү, же божомол көрсөткүчтү 125,9 миң.сомго азыраак чогултулган. Анын ичинен жеке ишкер Айтышев, “Индипо” ЖЧК жана Архитектурадан ижара төлөмдөрү түшпөй калган.

Турак-жай коммуналдык чарбасы. Токмок шаарынын турак жай-коммуналдык чарбасында инженердик- техникалык тармактарды оңдоп-түзөө, кайрадан куруу, коммуникацияларды кеңейтүү, тиричилик фондун кармоо жана оңдоп-түзөө боюнча иш-чаралардын программасы жүзөгө ашырылууда.

Бардык кыйынчылыктарга карабастан, коммуналдык кызматтар жашоонун бардык ченемдерине жана параметрлерине тиешелүү көрсөтүлгөн тейлөөлөрдүн өз убагында аткарылуусун жана сапаттуулугун камсыздоодо.

Көрктөндүрүү. Отчеттук мезгилде шаардагы сугат тармагын калыбына келтирүү жана жашылдандыруу, ыңгайлаштыруу жолдорду, автоунаа  жолдорун кышында тейлөөгө, кар күрөөгө жана тайгактын алдын алууга багытталган иштер, көчөлөрдүн жарыгын сактоо, санитардык тазалоо боюнча иш-чаралар аткарылган.

Шаардын көчөлөрүндөгү жарыктандыруучу 1258 шамды жана 8 светофорду оң абалда кармап туруу боюнча туруктуу иш жүргүзүлгөн.

ӨКМ. Токмок  шаары боюнча ӨК бөлүмү  тарабынан 2018-жылдын 9 айынын ичинде 2018-жылдагы бекитилген Жарандык  коргонуунун даярдоо планына ылайык иштер жүргүзүлдү.

Токмок ш.  мэриянын 2018-жылдын 11-июнундагы № 100 буйругун аткаруу максатында, Токмок ш. боюнча ӨК бөлүмүнүн  куткаруучулары тарабынан жай мезгилинин алгачкы күндөрүнөн баштап жарандардын сууга түшүүдө сак болуусу боюнча түшүндүрүү иш-чаралары жүргүзүлдү.

Укук коргоо. Токмок шаардык ИИБ тарабынан  укук бузуулардын жана кылмыш иштеринин алдын алууну үзгүлтүксүз жүргүзүүнүн негизинде, жашы жете электердин  укук бузууларын  эскертүү, көчөлөрдөгү кылмыштуулук жана уурулук, диний экстремизм менен күрөшүү чаралары, кылмышкерлерди жана дайынсыз жоголгондорду  издөө туруктуу негизде ишке ашууда, баңгизат бизнеси менен күрөшүү боюнча, экономикалык кылмыштуулуктар, жемкорлуктун көрүнүштөрү менен иштер жүргүзүлүүдө, шаардыктардын коопсуздугу жана коомдук тартип камсыз болууда.

Мамлекеттик тилди өнүктүрүү. Кыргыз Республикасында 2015-2020-жылдары мамлекеттик тилди өнүктүрүү  жана тил саясатын өркүндөтүүнүн улуттук программасына ылайык, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 21-ноябрындагы №757 “Административдик кызмат орундарын ээлеген мамлекеттик жарандык кызматчылардын жана муниципалдык кызматчылардын мамлекеттик тилди өзүнүн кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн керектүү көлөмдө билүү деңгээлин белгилөө жана аны мамлекеттик органдар менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишине киргизүү мөөнөтү жөнүндө” токтомун ишке ашыруунун жүрүшүндө Токмок шаардык мэриясынын жетекчилиги тарабынан мэриянын аппаратынын кызматкерлеринин мамлекеттик тилди билүү деңгээлдерин жогорулатуу боюнча окуу курстары уюштурулган. Мындан тышкары түзүмдүк бөлүмдөрдүн жетекчилери тарабынан өз каражаттарынын эсебинен окутуу уюштурулган.

Каттар, даттануулар менен иштөө жана аткаруу тартиби. 2018-жылдын  9 айында 691 арыздар жана кайрылуулар каралды, бул мурунку жылдын ушул эле мезгилине салыштырмалуу –96га көбүрөөк. Алардын ичинен 199у оң чечилди, 442 кайрылууларга түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү, 37 кайрылууну аткаруудан баш тартылды, 13 кайрылуу аткаруу иретинде турат. Анын ичинен: Кыргыз Республикасынын Президентинин аппаратынан 10 (10 түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү), Кыргыз Республикасынын  Өкмөтүнүн аппаратынан келген 3 кайрылууга түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Чүй облусундагы Ыйгарым укуктуу өкүлүнөн 36(10у оң чечилди, 24үнө түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү, экөө аткаруу иретинде турат).

Доклад кыскартылып берилди.