Токмок аймагында карантин жарыяланды

Мэрия города Токмок
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Чүй облусундагы Ыйгарым укуктуу өкүлү – Чүй облусунун жарандык коргонуусунун начальниги А. Намазалиевдин 2020-жылдын 26-мартындагы №69-б буюрмасын аткаруу үчүн, Токмок шаарынын аймагына коронавирустун киришинин алдын алуу жана мындан ары жайылышына жол бербөө максатында Токмок шаарынын аймагында эпидемиологиялык кырдаал жакшырганга чейин карантин жарыяланды. Бул жобого шаар мэри Д. Амангельдиев кол койду.
Ошондой эле Токмок шаарынын ИИБ (М. М. Осмоналиев), Токмок шаарынын ӨКБ (А. Абдуллаеаюв), Токмок шаарынын ҮБМБ (А. Сыдыкова)Токмок шаарынын МСЭКБ (Ф. Садамкулова) жетекчилерине төмөндөгүдөй тапшырмаоар берилди:
  • Токмок шаарына көзөмөлдөп текшерүүчү санитардык посттор аркылуу кирип жаткан автоунаа каражаттары менен адамдарды өткөрүү боюнча Ыктыярдуу элдик кошуундар (ДНД) менен биргелешкен иштерди уюштурушсун жана күчөтүшсүн;
  • көзөмөлдөп текшерүүчү санитардык постторго тартылган адамдар “Токмок шаарына көзөмөлдөп текшерүүчү санитардык посттордо ишти уюштуруунун жана жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө Жобо” боюнча ишти уюштурушсун;
  • биринчи зарылдыктагы тамак-аш азыктарын, медикаменттерди жана башка товарларды ташыган, ошондой эле өнөр жай ишканалары жүк ташуучу автомашиналар үчүн ачык жол тилкеси калтырылсын;
  • көзөмөлдөп текшерүүчү санитардык постторго тартылган адамдар атайын медициналык буюмдар, адамга кол тийгизбестен дене табын текшерүүчү жана жеке коргонуу каражаттары (беткап, мээлей, антисептиктер, коргоочу костюмдар, самындап жуучу жана зыянсыздандыруучу каражаттар, башка коргонуу каражаттары) менен камсыздашсын.