Токмок шаары – Ѳзгѳчѳ кырдаал жарыяланган биринчи күнү

Мэрия города Токмок

—  Коронавирус инфекциясын алдын алуу максатында Токмок шаарнда 3 фильтрационных пост коюлуп, 3 кичи райондогу «Үмүт» түрк лицейинини тегереги ѳзгѳчѳ кѳзѳмѳлгѳ ѳттү. Бул боюнча аймактык кабарчы билдирди.
Токмок шаарында 3 фильтрационных пост коюлду. Алар, Советская кѳчѳсү – айланма жолдо, Сах.завод – Жантаев кѳчѳсү, Автобекет – Жантаев кѳчѳсүнѳ коюулду.
Ошондой эле Токмок шаарында 10 маршруттук жолго жѳѳ кѳзмѳл кызматы иштеп жатат (Так же по г. Токмок выставлены 10- пеших Патрулировании по следующим маршрутом):

  • «Булак» борбордук базары,
  • Аскер шаарчасы
  • Словодска-Колхозная кѳчѳлѳрү,
  • Токмоктун борбордук аянты,
  • «Гостиницы» району,
  • «Сах-Завод району,
  • Автобекет району,
  • Самалет районунунан Ленин-Колхозная кѳчѳлѳрүнѳ чейин,
  • 1-кичирайон,
  • 3-кичирайон,

Ошондой эле 3-кичирайонунда «Үмүт» түрк лицейинин тегерегине 3 пост коюлду. (Аталган түрк лицейинин жата канасына чет ѳлкѳдѳн келген мекендештер обсервацияга жаткырылган). Бул жерлерде коомдук тартипти кѳзѳмѳлдѳѳ кызматкерлери тарабынан күнү-түнү кайтарууда болот.  (В 3-микрорайоне в турецком лицее «Умут» сотрудниками ОВД г. Токмок выставлены 3-посты, по Охране Ощественного Порядка и Безопасности граждан, данная работа сотрудниками ведется курглосуточное дежурство).
Токмок шаардык ички иштер бѳлүмүнѳн билдиришкендей, алар кѳчѳдѳ жүргѳн 235 кишиге түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү. Алардын ичинен 55и жаш ѳспүрүмдѳр.
Шаар боюнча 28 кафе, ресторандар, 8 компьютердик клуб, 47 дүкѳндѳр, 8 унаа жуучу жайлар, 6  унаа оӊдоочу жайлар, 4 гүл саткан дүкѳндѳр, 11 дарыкана, 7 мечит, «Булак», «Мүрѳк» базарлары текшерүүгѳ алынып, жеринен түшүндүрүү иштери жүргѳн.