Токмок шаарынын ишкерлери сыйланды

Менин Шаарым / Мой Город

Бүгүн 20-сентябрь Кыргыз Республикасынын ишкерлеринин күнү. Бул күн 2000-жылы 20-октябрда өкмөттүн токтому менен ишкерлердин өлкө экономикасынын өнүгүшүндөгү ээлеген орду, маанисин эске алуу жана аларды колдоо максатында ушул күн белгиленген.
Мэриянын чоң залында Токмок шаарындагы ишкерлердин чөйрөсүн өнүктүрүүгө кошкон салымы жана “Кыргыз Республикасынын Ишкерлер күнү” кесиптик майрамына байланыштуу мэриянын атынан А. Султанова, К. Джеентаев жана А. Султангазиевага ардак грамота тапшырылса, ыраазычылык каты менен Н. Кудеева, А. Умарбаева сыйланышты.

Ал эми орто бизнес ишкерлеринин биримдиги Токмок шаарындагы ишкерлердин чөйрөсүн өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн калаа башчысы Д. Амангельдиевке, салык инспекциясынын жетекчиси Т. Майтиковго жана ишкерлер: А. Болтаев, Т. Абакиров, Н. Холопова, В. Медведева ардак грамота ыйгарылып, алкыш кат менен жергиликтүү экономикалык өнүгүү бөлүмүнө жана Ф. Малабаевага алкыш кат тапшырылды. Мындан сырткары Токмок шаарынын соода жана бизнестин бардык түрлөрүнүн биргелешкен комитети да ишкерлер  Ч. Жолдошева, М. Алымкулов, П. Жолоеваны ардак грамота менен сыйлашты. Кече концерттик программа менен коштолду.

Э. ТОЙМАТОВА.