Токмокто өзгөчө кырдаалдар абалы жарыяланды

Мэрия города Токмок

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму короновирус инфекциясынын пандемиясын жарыялагандыгына жана КР аймагында короновирус менен ооруган учурдун аныкталгандыгына байланыштуу, калктын коопсуздугун камсыздоо, Токмок шаарынын аймагында калк арасындагы массалык ооруга жол бербөө боюнча ыкчам чараларды көрүү максатында 2020-жылдын 23-март күнү Токмок шаарынын аймагында биологиялык-социалдык мүнөздөгү өзгөчө кырдаалдар абалы жарыяланды. Короновирус оорусун алдын алуу боюнча шаардык ыкчам штабы күнү-түнү иш алып барууда. Имараттардын ичинде, ага тиешелүү аймактарды дезинфекциалоо, массалык маалымат каражаттары аркылуу ооруну алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштери, спецификалык жана эпидемиологиялык көрсөткүчтөр боюнча калкка ыкчам профилактикалык иштер жүргүзүлүүдө. Ошондой эле, короновирус аныкталган жана карантин киргизилген аймактарда коомдук тартипти көзөмөлгө алып, ал аймактарга жарандардын кирип чыгуусу көзөмөлдөнүүдө. Жарлыктын негизинде медициналык кароодон өтүүдөн баш тарткан жарандарды укук коргоо органдарына өткөрүлүп берилет.