Токмоктуктар Улуу казатта

Менин Шаарым / Мой Город

Улуу Жеңишке 74 –жыл

Бул каргашалуу согуш – өзүнүн маани-маңызы, жагдайларынын өзгөчө курчтугу, кучагына алган аймагы, катышкан өлкөлөрдүн, адамдардын саны, адамзатка тийгизген кесепеттери, курмандыктары, бир нече жылды өз ичине камтыган убактысы менен өзгөчөлөнгөн мүшкүлдүү, өтө олуттуу тарыхый окуя.

1941-жылдын 22-июнунунда таңкы саат 4тө башталган согуш 1418 күнгө созулган. Дүйнөлүк экинчи согушка түздөн түз жана кыйыр түрүндө 33 мамлекет катышып, совет эли бул согушта 27 миллиондон (кийинки тактоолордо 30 млн.) ашуун адамын жоготкон.
Улуу Ата Мекендик согушка Кыргызстандан 360 миңден ашуун адам аттанган. Алардын ичинде миңге чукулу аялзаты болгон. 160 миңден ашуун жоокер согушта курман болушкан. Ал эми Советтер Союзунун башка жоокерлериндей эле Токмок шаарынан да кан күйгөн согушка 11490 адам чакырылган. Алардын ичинен 2700 адам согуш талаасынан кайтып келишкен эмес.
Согуштун алгачкы күнүнөн баштап эле мекенге тынчтык орнотууга салым кошуу үчүн тылда эмгектенип, мүмкүн болсо согуш талаасына барып, душманга карай чабуулга катышууга көп адамдар аракет жасай башташкан. Ал үчүн жашы да, карысы да, кан күйгөн майданга барууга тоскоолдук жараткан жаш курактарын, ден-соолугунун начардыгын жашырышып, аскер комиссарларынан фронтко катышууга суранган каалоочулардын саны арбын эле.
Мындай көрүнүш 1941-жылдын июль айында Токмок шаардык аскер комиссариатында да болгон. Анткени, бул мезгилде 316-аткычтар дивизиясы уюштурулуп жаткан. Командирликке Кыргыз Республикасынын аскер комиссары, генерал-майор Иван Васильевич Панфилов дайындалган.
Москвага душман колун салганга аз гана убакыт калгандыктан, Панфилов дивизиясы кыска мөөнөттүн ичинде уюштурулуп, жоокерлерди граната, жардырылуучу заттар куюлган бөтөлкөлөр аркылуу танктарды жардыруучу отряд түзүлгөн. Аталган отрядда токмоктук жоокерлер: Яковлев Алексей Иванович, Попов Андрей Иванович, Бабаев Василий Михайловичтер да болушкан. Башка жоокерлер менен биргеликте шаарыбыздын эр жүрөк баатырлары да кандуу согуш талаасында бар күчүн жумшоо менен душмандарга каршы турушкан. Волоколомскийдин алдында пулеметчу жердештерибиз Завгородний Василий, Чуйков Никита душмандарга каршы салгылашууда жарадар болушуп, мекенге өздөрү эмес, алардын жасаган эрдиктери жана сыйлыктары гана кайтып келгени өкүнүчтүү.
8-гвардиялык дивизиянын катарындагы Пашинин Иван, Чернышов Григорий, Душенко Григорийлердин немис жоокерлерине каршы күрөшүүдөгү эрдиктери да арбын. Москваны коргогону үчүн дивизия Кызыл Жылдыз ордени менен сыйланып, гвардиялык дивизия наамын алган. И. В. Панфилов курман болгондон кийин (1941-жыл 18-ноябрь), анын ысмы дивизияга берилген.
Токмоктук-панфиловчулардан сырткары, апаат учурунда жердештерибиздин жасаган эрдиктери жогору бааланып, төрт адам: Е. В. Трясин, С. С. Овчаров, М. Д. Афанасьев жана Н. А. Зверев Советтер Союзунун Баатыры деген жогорку наамга татышкан. Ошондой эле белгилеп кетүүчү жагдай, жогоруда аты аталган Е. В. Трясин менен С. С. Овчаровдун ысымдарын түбөлүк калтыруу максатында Токмок шаарындагы көчөлөргө баатырлардын ысымдары ыйгарылган.

Шаардык тарыхый музейден алынган маалыматтар Э. ТОЙМАТОВА тарабынан даярдалды.