Толкуган Токмок шаарынын тарыхы

Менин Шаарым / Мой Город

Чүй өрөөнүнүн чыгыш бөлүгүндө, Чүй дарыясынын сол өйүзүндө жайгашкан Токмок шаары 19 кылымдын башында негизделген. Чүй өрөөнүн Кокон хандыгы басып алган соң, 1825-жылы Токмок чебин курулуп, 1866-жылы Токмок шаар статусун алган. 1867-78 жылы Токмок уездинин борбору болуп турган. 2002-жылдан бери Чүй облусунун борбору болуп саналат. 2005-жылдын каттоосу боюнча 65000 жашоочусу бар, Бишкек менен Оштон кийинки өнөр жайы өнүккөн үчүнчү чоӊ шаар.
Токмок шаарынан түштүк-батышында Бурана шаары жайгашкан. Ал орто кылымдардагы өтө маанилүү болгон Баласагын шаарынын калдыгы болуп эсептелет. Баласагын шаары Караханийлер (Каракагандар) мамлекетинин түндүктөгү борбору болгон.
Шаардын аталышы мүмкүн токмок деген аспаптын атынан же байыркы түрктөрдүн «токмок» (төгүү, куюу) деген сөзүнөн пайда болгон. Себеби, шаар Чүй дарыясынын жээгинде жайгашкан.
1860-жылы Токмок чебин орустар каратып алгандан тартып ал жерге эл көбүрөөк отурукташа баштайт. Бир гана тактап кетүүчү жагдай кокондуктар курган чеп толугу менен талкаланып, орус чеби 1864-жылдын 13-майында Верныйдан келген полковник Черняевдин отряды тарабынан башка жерге түптөлгөн.
1878-жылы кышында дарыядагы муз тыгыны шаардын үстүндө табигый дамбаны пайда кылган. Төгүлгөн суу шаарды каптап, көптөгөн имараттарды талкалаган. Дал ушул суу ташкыны 1878-жылы уезддик борбордун Токмоктон Пишпекке көчүүсүнүн негизги себеби болгон. 1909-1914-жылдары шаардан 12-16 км алыстыктагы Чүй дарыясына суу ташкынын алдын алуу үчүн атайын дамба курулган.

1870-жылдардын башталышында аскер адамдарын эсепке албаганда Токмок уездинде орустар жашоочулардын 3 пайызын түзгөн, башкача айтканда 2500 орус жашаган. Отурукташкандардын саны 7160 адам болсо, көчмөндөрдүн саны 138 миӊ 860 адам болгон.
Жайчылыкта отурукташкандардан тышкары Семиречье облусуна 1874-жылдагы козголоӊго катышы бар Урал войскосундагы орус казактарын орун которуп келишкен. Келгиндер негизинен шаарларга отурукташуу менен катар айыл-кыштактарды уюштурушкан. Токмокто эле ошол жылдары 1141 адамды түзгөн 265 үй-бүлө көчүрүлүп келген.
1856-жылдагы дунган көтөрүлүшүнөн кийин 1881-1883-жылдар аралыгында үч жолу качып кирүү менен жетимиш миӊден ашуун дунгандар жана уйгурлар келишкен. Октябрь төӊкөрүшүнө чейин, элүү жылга жакын мезгил аралыгында Токмок шаары мамлекеттин бузулгус бөлүгү, Чүй өрөөнүндөгү жаркын окуялардын үлгүсү болуп келген.
Совет бийлиги орногондон кийин шаардын тарыхында экономикалык жогорулоонун жана социалдык өзгөрүүлөрдүн жаӊы этабы башталган.
Өткөн кылымдын отузунчу жылдарында Токмок менен Пишпекти бириктирген темир жол бутагынын пайда болушу менен шаар өсүп, өнүгө баштаган. Анын өнүгүшүнө өз таасирин Чүй өрөөнүн Ысык-Көл жана ички Тянь-Шань менен байланыштырган автомобиль жолу да тийгизген.
Улуу Ата-Мекендик согуш жылдарында батыш райондордон унаа оӊдоочу, кант жана консерва заводдору көчүрүлүп келип, ошол кыйын кезенде биринчи күндөрдөн тартып, фронт үчүн продукция чыгара баштаган.
Согуштан кийин Токмок тез өнүгүп, Кыргызстандагы ири өнөр жай борборлорунун бири болуп калган. Шаардын аймагында ар кандай продукция чыгарган 21 өнөр жай ишканалары жайгашкан.
Тургундарды кабыл алган фельдшер Митковский иштеген алгачкы оорукана 1877-жылы эшигин ачса, 8 орундук оорукана дарыканасы менен 1912-жылы ишке берилген.
2000-жылдардын башында шаардагы 875 орундуу дарылап, алдын алуучу мекемелерде 28 адистиктеги 1,5 миӊ медициналык кызматкерлер иштеген.
1934-жылы шаардагы 7 мектепте 1,2 миӊ окуучуга 40 мугалим сабак берген. 2000-жылдардын башталышында шаарда 12 жалпы билим берүүчү мектеп, жатак-мектеп, балдардын жана өспүрүмдөрдүн чыгармачылык борбору, балдар менен өспүрүмдөрдүн шаардык спорт мектеби, музыкалык мектеп, 5 атайын орто окуу жайлары иштеген. 1991-жылы шаарда Кыргыз техникалык университетинин филиалы 5 адистик боюнча ачылган.
Калкты маданий тейлөө өткөн кылымдын 20-жылдарында шаарда биринчи кинотеатрдын ачылышы менен башталган.
1938-жылы маданият үйү иштеп баштаса, 1980-жылы 600 орундуу концерттик залы бар маданият үйү курулган.
1930-жылы биринчи китепкана ачылган. Учурда 13 миӊ окурманды тейлеген борбордук китепкананын 7 филиалы иштейт.
Учурда шаарда: 13 орто мектеп, мектеп интернаты, «Бейкут» үй-бүлөлүк типтеги балдар үйү, балдардын жана өспүрүмдөрдүн чыгармачылык борбору, балдар спорттук мектеби, балдар музыкалык мектеби, Ж. Баласагын атындагы лицей, № 23, № 35 кесиптик лицейлери, ТИПК, Агро өнөр жай колледжи, Медициналык колледжи, Республикалык маданият колледжи, Кыргыз Техникалык Университетинин филиалы, Эл аралык Борбордук Азия Университети (МУЦА), ошондой эле мектепке чейинки 6 муниципиалдык балдар мекемелери иштейт.
Шаардык байланыш түйүнүндө 13 бөлүм, 3 телефон станциялары иштейт. Шаардын соода тармагында 275 ишкана, анын ичинде 105 дүкөн, 83 ащкана жана көптөгөн чакан соода жүргүзүүчү жайлар ищтейт.
Ар бир шаардын өз алдынча тарыхы бар, анын сынарындай сүйүктүү Токмок шаарыбызга 153 жыл толуп отурат. Шаарыбыздын аймагында байыркы жана орто кылымдагы көп эстеликтерибиз бар. Ар бир эстелик өз алдынча өткөн доорлордогу тарыхий, илимий, материалдык жана моралдык жашоолорду камтыйт.
Толкуган бай тарыхы бар кутман шаарыбыз Токмогубуздун 153 жылдык маарекеси кут болсун!

З. Шоконова, тарыхый-край таануу музейинин мүдүрү.


Данная статья является интеллектуальной и авторской собственностью МУ «Менин шаарым Токмок – Мой город Токмок».
Перепечатка материала с сайта невозможна без письменного разрешения редакции. Наша почта: moi_gorod-2006@mail.ru