Тургундар активдүүлүгүн көрсөтүштү

Менин Шаарым / Мой Город

Үстүбүздөгү жылдын 5-февраль күнү калаа башчысы Д. Амангельдиев жана шаардык кеңештин төрагасы Т. Солтобаевдин №5 орто мектепте шаар тургундары менен болгон катардагы жолугушуусу болуп өттү. Жолугушууга коммуналдык ишкана “ТЖЭУ”, “Березка”, “Тезис”, “Единая семья”, “Үч-Баатыр”, “Мажүрүм тал” жана “Снежинка” турак-жай ээлеринин шериктештиктери катышкан.
Болуп өткөн жолугушууда Данияр Джолдошевич 2019-жылдын социалдык-экономикалык өнүгүүсү, жетишкендиктер тууралуу баяндап берди. Мындан сырткары тургундар 2020-жылга карата алдыдагы пландар боюнча да кабардар болушту.
Шаар жетекчилигине, коммуналдык жана коомдук кызматтын башкармаларына көчөнү жарыктандыруу, жолдорду оңдоп-түзөө, жолчырактарды орнотуу, таштанды чыгаруу сыяктуу көйгөйлүү маселелер боюнча суроолор берилди.
Ошондой эле, жаштар тууралуу да сөз козголду. Келечек ээлерин тарбиялоодо психология жаатындагы жана коомдук кызматкердин муктаждыгы тууралуу ойлор айтылды.
Ал эми маршруттук каттам боюнча: окуучулар үчүн жол кире төлөмүн азайтуу жана каттамдардын ортодогу убакыт аралыгын кыскартуу керектиги сунушталды.
Бул аймактын тургундары архитектура жана шаар курулушу боюнча да өз пикирлери менен бөлүшкөн соң, жолугушууда отурган башкы архитектор А. Кадырбаев керектүү маалымат берип өттү.
Жогорудагы баардык суроолор боюнча Д. Амангельдиев тарабынан түшүндүрмө берилип, тиешелүү жетекчилерге тапшырылды.
Шаар мэри Д. Амангельдиевке тургундар тарабынан шаарыбыздын өнүгүшүнө кошуп жаткан ченемсиз аракети үчүн, анын ичинде орто мектептердин ашканаларынын оңдоп-түзөөдөн өтүшү, окуу класстар жаңы иш техникалар менен жабдыланышы айтор, жакшы аракети үчүн жылуу сөздөр, ыраазычылыктар айтылды.
Өз учурунда Д. Амангельдиев дагы жолугушуунун катышуучуларына рахматын айтып, шаарыбызды таза кармоо менен бирге, көп улуттуу кичи мекенибиздеги туруктуулукту сактап, келечекте гүлдөп-өсүшүнө ар бир инсан салым кошоорун айтып өттү.

А. ДЖУСУПОВА.