Улуу инсандардын урматына

Менин Шаарым / Мой Город

Үстүбүздөгү 2019-жыл майрамдарга, максаттарга бай жыл болду десек жаңылышпайбыз. Жыл башынан бери мааракелүү той ээлери саналган аскер полководчусу, легендарлуу И. В. Панфиловдун 125 жылдыгы, опера жана балет театрынын бийчиси Ч. Базарбаевдин 80 жылдыгы, 24-январда кыргыз Гомери – манасчы С. Каралаевдин 125 жылдыгы, 8-февралда акылман, акын атабыз Б. Алыкуловдун 135 жылдыгы, 9-мартта учкуч-космонавт Ю. Гагариндин 85 жылдыгы, 30-апрелде ак таңдай акын Арстанбек Буйлаш уулунун 195 жылдыгы, 10-июлда киноактриса Т. Турсунбаеванын 70 жылдыгы, 15-августта кыргыз прозаиги З. Сооронбаеванын 95 жылдыгы, 28-сентябрда композитор К. Молдобасановдун 85 жылдыгы, ал эми октябрь жана ноябрь айларында элибиздин көрүнүктүү саясий жана коомдук ишмерлери А. Орозбековдун 130 жылдыгы жана Кыргызстан БКнын 1-катчысы Т. Усубалиевдин 100 жылдык мааракелери чоң салтанат менен белгиленген эле.
Жогорудагы аты аталган улуу инсандарыбыздын урматына “Өрнөктүү карыялар болсо, өнөрлүү жаштар да болот” аталыштагы чоң иш-чара 15-ноябрь күнү борбордук китепкананын имаратында уюштурулду. Ага китепкана кызматкерлери, улуу муундагы окурмандар жана мектеп окуучулары күбө болушту. Кеченин башталышында борборлоштурулган китепкана тармагынын мүдүрү Насира Джаныбаева байыркы элдин катарына кирген 2200 жылдык тарыхы бар кыргыз элинин гүлдөп-өсүп, Азиядагы улуу мамлекеттердин бири катары ушул заманга жетип отурганыбызга ата-бабаларыбыздын өлчөөсүз зор салымы бар экендигин айтып өттү.

Андан соң сөз кезеги маданият бөлүмүнүн башкы адиси Зарина Чымыровага берилип, ал өз учурунда Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат жана туризм министрлигинин атынан КР маданият кызматкерлеринин күнүнө карата республиканын маданиятын жана искусствосун өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн №1 филиалдын жетекчиси Людмила Беспаловага ардак грамота ыйгарылды. Мындан сырткары мэриянын ардак грамоталары менен борбордук китепкананын методикалык бөлүмүнүн жетекчиси Назира Элебесова, №5 филиал жетекчиси Токтобүбү Жапарова, тейлөө бөлүмүнүн китепканачысы Айнагүл Адамбаевалар сыйланышты.
Куттуктоолордон соң китепкананын №5 филиал жетекчиси Т. Жапарова, №7 филиал жетекчиси Т. Бейшембиева жана борбордук китепкананын “Мекен таануу” бөлүмүнүн башчысы А. Абдыкановалардын жетекчилиги астында №5 орто мектептин окуучулары тарабынан даярдалган концерттик программага кезек берилди.

Э. ТОЙМАТОВА.