Улуу композитордун стипендиясы ыйгарылды

Менин Шаарым / Мой Город

Шаарыбыздагы Республикалык маданият техникумуна былтыр ноябрда Кыргыз Республикасынын эл артисти, Т.Сатылганов атындагы сыйлыктын лауреаты, “Эмгек Кызыл Туу” орденинин жана I, III даражадагы “Манас” орденинин ээси, дирижер, улуу композитор Насыр Давлесовдун ысымы ыйгарылган. Учурда Н. Давлесов атындагы Республикалык маданият искусство колледжи деп аталып, макамы жогорулады. Анда Күмөндөр Абылов, Майрамбек Осмонов, Эрмек Мойдунов, Нурак Абдрахманов, белгилүү композитор, обончу Алмаз Сейтказиев жана башка белгилүү артист, ырчылар билим алышкан. Былтыр колледждин алдына улуу композитордун ысымы жазылган стелла орнотулуп, музейи ачылган.
7-июнда аталган мекемеде жагымдуу окуя болду. Бул күнү колледждин бир катар таланттуу жаштарына Н. Давлесов атындагы стипендия тапшырылды. Салтанаттуу аземге улуу композитордун жубайы Сабира Давлесова, анын уулу, колледждин директору Токтобек Коонтаев, окуу бөлүмүнүн башчысы Бактыгүл Асанкулова, 3-хор тобунун, Н.Давлесов атындагы дипломду алгач алган бүтүрүүчүлөрдүн класс жетекчиси Марсиана Абдылдаева, мугалимдер жамааты жана студенттер катышышты.
Убагында даназалуу маданий ишмер кыргыз жаштарынын арасында таланттуу,шыгы бар, келечекте кыргыз маданиятына салым кошо турган жаштар арбын экенин байкап, алардын эмгегин жогору баалаган. Колдон келсе, баарына стипендия төлөп, жардам берүүнү ниет кылган экен. Ал тууралуу улуу композитордун жубайы Сабира Давлесова эскерүү сөзүндө белгиледи. Андыктан анын тилегин аткарып, үй-бүлөсү менен жылда мыкты студенттерге стипендия ыйгарып турууну ниет кылышкандыгын айтты. Бул жолу 5000 сом көлөмүндөгү стипендияны колледждин 6 мыкты студенти алышты. Акчалай сыйлыктар менен бирге Сабира Давлесова студенттерге музыковед О.Субаналиев түзгөн “Насыр Давлесов. Изилдөөлөр, макалалар, материалдар” аттуу китебин белекке тапшырып, жаш таланттарга дем берди. Студенттер жана алардын ата-энелеринин атынан Жамиля Токсоналиева апа улуу композитордун үй-бүлөсүнө чоң ыраазычылыктарын билдиришип, анын ысымын ардактап, барктап, чыгармачылык ийгиликтерди жарата берээрине убада беришти. Кийинки жылы Н.Давлесов атындагы стипендия 10 000 сом өлчөмүндө 3 студентке берилмекчи.

Б. Байдылдаева.


Данная статья является интеллектуальной и авторской собственностью МУ «Менин шаарым Токмок – Мой город Токмок».
Перепечатка материала с сайта невозможна без письменного разрешения редакции. Наша почта: moi_gorod-2006@mail.ru