Урматтуу Токмок шаарынын тургундары жана меймандары!

Мэрия города Токмок

Коронавирустун жайылуу коркунучуна байланыштуу Токмок шаардык мэриясы түзүлгөн кырдаал боюнча зарыл болгон маалымат алуу үчүн мэрияга, же болбосо Санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборуна кайрылууңуздарды суранат!
Байланыш телефондору: *112, *118, (0312) 332853, (03138) 3-43-98, 3-43-99, 3-43-94.
Социалдык тармактарда биздин, Кыргызстандын чет жактан келген жарандарыбызды оорулуу, же оорулуу эмес экендигин аныктоочу карантин пункту жайгашкан жай жөнүндө туура эмес маалымат таркатылып кеткен.
Ушуга байланыштуу чет жактан келген жарандарыбызды оорулуу, же оорулуу эмес экендигин аныктоочу карантин пункту жайгашкан жай өнөр жай аймагындагы “Сапат” кыздар лицейинин имаратында экендигин, ал жерге эки жумалык мөөнөткө биздин 192 жарандарыбыз жайгаштырылгандыгын, аталган жай ооруну аныктоонун жыйынтыктары толук чыкмайын күч органдары тарабынан күнү-түнү кайтарылып турарлыгын, ал жерге жеткирилген жарандарыбыз үчүн баардык санитардык ченемдерди сактоо менен жашоо үчүн тиешелүү шарттар түзүлгөндүгүн, тамак-аш менен камсыз экендиктерин, кыжаалат болуп дүрбөлөңгө түшүүнүн кажети жок экендигин билдиребиз.
Эки жума аралыгында дарыгерлер оорунун жоктугун аныктаган жыйынтык чыгарышкандан кийин убактылуу карантин жайына киргизилген жарандарыбыз үйлөрүнө жөнөтүлөт.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана мамлекеттик органдар тарабынан белгиленген санитардык ченемдер менен эрежелерди Сиздер да так сактооңуздарды Токмок шаардык мэриясы көптөн-көп өтүнөт!
Жабыла көтөргөн жүк жеңил, деп айтылгандай элибиздин башына түшкөн мүшкүл ооруну Токмок шаарында гана эмес Кыргыз жергесинде ынтымак менен, сабырдуулук менен, түшүнүү менен, тартипти так сактоо менен гана жеңе алабыз! Ошондуктан элдин бүйүрүн козутуп, чындыкка дал келбеген маалыматтарды социалдык тармактарга жайылтууну токтотолу. Ынтымак бар жерде ырыс бар, дейт. Ырыскесер болуудан алыс болуңуздар!

Токмок шаарынын коронавирус
боюнча ыкчам штабы